www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Коомдук ишмер, 4 тилди семичкедей чаккан Нурлан Мотуев,  “Алмазбек Атамбаев оозуна келгенди оттоп үйрөнүп калган, ага 299-берене менен кылмыш иши козголсо болот”, деп “Жаңы ОРДО” гезитине маек берген. Андан тышкары Нурлан Мотуев,

--Атамбаев, дин аралык касташууну козутуу, аймактар аралык касташууну козутуу, улуттар аралык касташууну козутуу деген талылуу маселелерди бириктирип койгон. Атамбаевдин кылык-жоругу элди түндүк-түштүккө бөлүүдө. Бабановго го да ушул беренени койгондуктан ал качып кутулду. Болбосо ал дагы мен олтурган жерде олтурмак. Азыркы камалып жаткан чиновниктер заматта ооруп калып жатканына таң каламын. Мен оорубай эле спорт менен машыгып чыкпадымбы. Мен террорист дегендердин арасында жүрүп, 3 жолу амир бол деген сунуш түшкөндө болбой койгонмун. Атамбаев камалса мага окшоп авторитет боло албайт, керек болсо Атамбаевден кыйын деген Эркин Мамбеталиеви дагы “закрывашкада” олтурган. Эгерде Атамбаев камалса муну менен сүйлөшчү адамдар аябай көп, аны өлтүрүп коюшу мүмкүн, деген ”Жаңы ОРДО” гезитине берген маегинде Нурлан Мотуев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости