www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КСДП партиясынын Орусиядагы өкүлү, Темирлан Султанбеков: "Мен сатылгандардан эмесмин, мен чындык үчүн аягына чейин Алмазбек Шаршенович менен бирге болом" , деп Де - Факто гезитине маек берди.
-- Темирлан мырза, кечээ Орусиядан келдиңиз. Биринчи ата-энеңиз менен учураштыңызбы же санааңыз чыдабай дароо эле Кой-Ташка келдиңизби?
-- Рахмат! Мен таңкы саат: 4:00дө учуп келгем. Үйгө кирип кийимдерди калтырганга эле жетиштим. Анан дароо Кой-Ташка жөнөдүм. Чынын айтсам, санаам тынчыбады.
-- Ал жакта жакта чогулган эл менен жолугуп, пикир алышып жатасызбы? Элдин маанайы кандай экен?
-- Ооба, мен өзүм эл арасынан чыккан адам катары, элдик штабка келген адамдар менен кенен сүйлөшүп, пикирлерин угуп-билип жүрөм. Кой-Ташка Алмазбек Атамбаевди колдоп абдан көп адамдар суудай агылып келип жатышат. Алардын баары эле карапайым калк. "Алмазбек Атамбаев президент болуп турган кезде суу, свет, жол, газ, мекгеп жана башка бир топ маселелерди чечкен. Ошонун баарын көрүп туруп колдобой койсок Кудай бизди урат" - деп айтып жатышат. Мына көрдүңөрбү, биздин эл эң акылдуу, көрөгөч эл. Кудайга шүгүр, бизде да сыймыктануучу экс-президент пайда болду.
-- Кандай болгон күндө да сиз алыстан келдиңиз. Учурда биздин өлкөдө болуп жаткан саясий кырдаалга сырттан байкоо салган адамсыз. Азыркы учурда саясий кырдаал оор болуп турат. Буга ким күнөөлүү деп ойлойсуз? Айрымдар азыркы президент Жээнбеков дешсе, кээлери экс-президент Атамбаев деп жатышат...
-- Өлкөдө болуп жаткан кырдаалга бийлик гана жоопкер болот. Бүгүн экс-Президент Алмазбек Атамбаев саясатчылардын арасынан азыркы бийликке жалгыз сын айтып, ачуу чындыкты коомго айкыңдап жатат. Муну элибиз жүрөгү менен сезип, түшүнүп турат. Сооронбай Жээнбековдун Алмазбек Атамбаевге каршы бир эле эффективдүү жолу бар. Бул - экономиканы өнүктүрүү. Ал эми Атамбаевди каралап же жамандап, камап маселени чечем десе жаңылышат. Эл бүгүн Атамбаевди колдоп жатканы 100 пайыз далилденип калды.
-- Эки тараптын тирешин кандай жолдор менен чечиш керек? Атамбаевди колдогондор абдан көп болуп жатат. Ысык-Көлдөн, Нарын, кечээ кечинде Таластан келишиптир. Бийлик элдин талабын угат деп ойлойсузбу? Эгер укпаса келечеги кандай болот?
-- Бийлик элди укпаса, эл өзүнүн күчүн көрсөтүүгө мажбур болот. Бийлик айтылган убадаларын аткарыш керек, чындыкты коргош керек. Бирок бүгүнкү кадамдары тескери болуп кадды.
-- Алмазбек Атамбаев менен жолуктуңбу? Маанайы кандай экен?
-- Алмазбек Атамбаев саясатта жүргөн 20 жыл аралыгында ар кандай оор кырдаалды башынан өткөргөн. Албетте, азыр да эч нерседен корккон жок, анткени чындык ал тарапта, маанайы эң жакшы, эл да колдоп жатат.
-- Сага бийлик тарабынан чабармандар чыгып жаткан жокпу? Атамбаевдин жанынан кетип, бизге кел деп жатышса керек?
-- Ар кандай сунуштар, сөздөр болот да. Бирокмен сатылгандардан эмесмин, мен чындык үчүн аягына чейин Алмазбек Шаршенович менен бирге болом.
Баян Көлбаева, Де - Факто