www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июлда, Казакстандын Туңгуч Президенти — Элбашы Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сооронбай Жээнбеков сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Нурсултан Назарбаевди туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук жана узун өмүр каалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Нурсултан Назарбаевдин өлкөлөр ортосундагы бир туугандык мамилелерди союздаштыктын, стратегиялык өнөктөштүктүн жана ынак коңшулуктун духунда өнүктүрүүдөгү жана тереңдетүүдөгү ролун белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости