www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Жогорку Кеңештин V-чакырылышынын депутаты жана вице-спикер, коомдук саясый ишмер, “Мээримбек” кайрымдуулук фондунун президенти Надира Нарматова учурдагы саясый кырдаал боюнча NazarNews. кg маалымат агенттигине ачуу пикирин билдирди. Надира Нарматова өткөн жана кеткен бийликти салыштырып оюн ортого салды.

Нарматова өз сөзүндө:

2010-жылы артык болом деп, төңкөрүш же кандуу революция жасап, 9 жылдан кийин тыртык болгонубузду түшүнө турган мезгил келди окшойт. Учурдагы болуп жаткан саясый окуялардан улам, терең өкүнүү менен калыстык үчүн тарыхка кайрылып, салыштырмалуу учкай пикиримди айтайын.  “Жамандын өзү теңелбесе да сөзү теңелет”, демекчи, "Кетсин, кетсин, кетсин "- деп кыйкыргандар өздөрү ким?

Мамлекетке кандай эмгек кылды эмне пайда келтирди, коомдогу орду, бирөөгө сын такканга жараша өзүнүн канчалык сый урматы бар, арты тазабы? Чуулгандуу окуялары жокпу кеп ошондо! Басып өткөн жолу тазабы? Башкаларга үлгү болоорлук сапаттары барбы жана башка көптөгөн суроолор пайда болоору шексиз.

Анткени, 2010 - жылы мамлекеттик бийлике карапайым калктын бир бөлүгү менен төңкөрүш жасап иштеп турган бийликти кубалап чыгып УӨ куралып, өзүнүн декреттери менен мыйзамсыз болсо да парламент өкмөттү таратып толук кандуу жоопкерчиликти алып өзүнүн бийлигин жүргүзгөндүгү тарыхта белгилүү. УӨ жана андан кийинки бийликти колуна алган Президенттер кубалаган Бакиевдин бийлигине караганда мамлекетке кандай таза бийликти орнотту, кандай өзгөрүү, өсүштөр болду.

Мурунку бийликке салыштырмалуу өзгөчө жаңылыктарды киргизе алдыбы деген деген ой келет экен. Бирок  9 жылдык мөөнөттө өздөрү өткөргөн мөөнөткө, өздөрү ыраазы болбой кайра эле митинг өткөрүп, оппозиция болуп, түрдүү нараазычылыктарды билдирип, нараазычылык акцияларды өткөрүп жүрүшкөнү таң калтырат. Бийликти эл берди. Бийлике өздөрү келип, жоопкерчиликти өз мойундарына алып олтуруп алган УӨттүн курамы Президенттик тактыга келген Отунбаева, Атамбаевдердин түзгөн системасына нараазычылык билдирбей толук укукту колдоруна тапшырып каргашалуу окуяларды көргөн эл сабырдуулук менен унчукпай чыдап келишти. Аларга кыбыр эткен жан тоскоолдук кылган жок.

Колу буту бош жүрдү, каалагандай бийлик жүргүзүштү. Бирок кайра эле бийлик жүргүзүп келген өздөрү экендигине карабай, өздөрү бийликке нараазы. Өздөрү түзгөн системага, кызматтан кетип толук мамлекеттик коргоого алынып, экс Президент статусуна ээ болсо да, Кудайга шүгүр дебей өзү жасаган иштерге өзү пайдаланып кеткен системасын учурдагы бийлике оодарып коомчулуктун бүйүрүн кызытып, кайчы пикир жаратып тынып - тынчыбай, иштегенге мүмкүнчүлүк бербей иштете койбой ар тараптан басым жасап жаткандыгы өтө өкүнүчтүү.

Олуттуу өзгөрүү жасалбады. Башталган ири долбоорлодун бүткөрүлгөн, аткарылган иштердин артында коррупциялык шектенүү пайда болду. 9 жылдан бери СДПК бийликте. Отунбаева, Атамбаев, Жээнбеков бардык президенттер СДПКнын мүчөлөрү болду. Элди баштап, дух берип алдыга сүрөп кете алышпай, чайналып,  күнүмдүк, утурумдук иштер менен алек болуп келишет.

Таң калыштуусу өздөрү түзгөн 9 жылдык системага өзү жасаган боткосуна Атамбаев өзү баш болуп СДПК партиясы СДПКдан шайлаган бийликке ОППОЗИЦИЯ болгону күлкү келээрлик иш. Бирок коррупция, мыйзамсыздык, адилетсиздик ,адилетсиз соттук система өткөн бийликтин тушунда чектен ашып бүгүнкү күндө да уланууда. Колдорунан нормалдуу иш жүргүзүү келбесе УӨ жана ошол мезгилдеги Атамбаев башында турган оппозиция эмнеге төңкөрүш жасашты.

Уурулук, талап тоноочулук, мародерчулук, байып мультимиллионер болуш үчүн же оппоненттерден өч алып, камап тагдырларды талкалаш үчүн, элди карызга батырыш үчүн бийликке келиштиби? Атамбаев 9 жыл өзү жасабаган ишин, бийликтен кеткенден кийин 1,5 жыл иштеген президент Сооронбай Жээнбековдон өзү оппозицияга чыгып талап кылабы? Жоопкер ким болуш керек? Атамбаевби же Жээнбековбу? Чындыгында, 2010- жылы Бакиевди жаман деп кубалап чыккандан кийин Отунбаева менен Атамбаев өзгөчө сапаттары жүргүзгөн бийлиги Бакиевден жакшы бийлик жүргүзгөнүн далилдеш керек эле.

Тилекке каршы чуулгандуу кызмат абалынан ашыкча пайдаланган коррупциялык иштерде кулактары чыгып жаткандыгы албетте өкүнүчтүү. Өздөрүнүн жүргүзгөн саясатына сын көз менен карап, мыйзам чегинде жыйынтык чыгаргандын ордуна кайра өзү себепчи болуп алып келип олтургузган Президентти “кет, кет” деп кыйкыртып, бийлик алмаштырууну самап, элди бөлүп жарып, Түндүк-Түштүк маселелерди козгоп,  “атышам, жатып өлгөнчө атып өлөм” деп, түрдүү аракеттерди жасаганы коомчулукту таң калтырууда.

Бул аракет экс-президенттин этикасына журт башчысы болгон адамга жарашабы? Тескерисинче мыйзам талаасында сүйлөшүп, өзүнүн актыгын сот аркылуу аныктап алса, өзүнүн бийиктигин көрсөтмөк. Ошондуктан пикир жаралат. Бакиев Курманбек Салиевич, ар тараптуу таттыктуу Президент болгонун салыштырмалуу тарых тастыктап жаткандыгы талашсыз.

Үй бүлөлүк башкаруунун кесепеттерин эске албаганда ар тараптуу ички жана тышкы саясаттарда тең ата турган таттыктуу Президент болгонун тана албайбыз. Өлкөбүз кыска беш жылдык убакытта экономикалык, социалдык жактан өсүш болгону керек болсо карыздарыбыз азайып, бюджетибиз көбөйгөн фактыларды эч ким жокко чыгара албайт.(цифраларга токтолбой эле койоюн)

ЦАРИИнин деле мамлекеттик башкаруу системасынын структурасына карама - каршы болгону менен түрдүү долбоорлор, инвестиция тартып келүү багытында чагылгандай тездик менен иштер башталган. Тилекке каршы баары ойрон болду. Бир эле мисал ТЭЦ. Курманбек Бакиевдин бийлиги учурунда 150 млн долларга сүйлөшүү болгон, Алмазбек Атамбаевдин бийлиги 386 млн долларды чапчытып эмне деген коррупциялык иш жасашты! Эми жоголгон бычактын сабын алтын кылып көрсөтүүдөн алысмын. Өкүнүчтүүсү ийгиликти көргүбүз келбей, жамандыкты, кемчилдикти эле аңдып, учурдагы бийликти да иштегенге мүмкүнчүлүк бербей 2,3 ай болуп боло электен баштап тынчытпай, иттен алып жерге коюп моралдык, психологиялык басым көрсөтүп, буюрганына шүгүр кылып колдоо көрсөткөндүн ордуна Кудай берген Жээнбеков Сооронбай Шарипович деген, аты-жөнү бар экендигине карабай маданиятсыздык менен "Соке болбой калды"-деп, митинг өткөрүп ыплас сөздөр менен “кетсин, кет эле кет” деп кыйкыртып кошуна мамлекеттерге маскара болдук. Бул көрө албастык, ичи тардык, өзүмчүлдүк, регионалдык, трайбалисттик сапатыбыздан арыла албай, 2010- жылкы абалга кайра туш болуп калбайлы деген ой.

Эң өкүнүчтүүсү саткындык, трайбалисттик көз караштан улам, К.С.Бакиевдин убагында өнүгүү болуп жаткандыгына карабай, электр энергиянын баасынын жогорулашы, мобилдик түйүндүн тыйынын шылтоолоп, бийлик колго тийбей калат окшойт деген, трайбалисттик көз караштагы бир топтун аракети менен, төңкөрүш жасалгандыгын убакыт өзү далилдеп келет. Ошол ызы - чуу жасаганды жакшы өздөштүрүшкөн топтор, бүгүнкү күнгө чейин өздөрү колу менен жасаган иштерине өздөрү нараазы. Жаратман эмес, талкалагыч, уурдап, тоногучтарга күнүбүз калгандыгы өкүнүчтүү. Кан деген койо бербейт.

Апрель окуясындагы 87-100 баланын, Ош коогалаңындагы 437 баланын өлүмү, анын кесепетинен миңдеген майыптардын убалын Жараткан Алла өзү таразалайт. Ал суроо ачык бойдон жүрөт. Кара тамгалар менен жазылып калган окуяларга тарых эртеби - кечпи өз баасын берет?

Ачуу чындык, өнүгүү жолунда бараткан бийликти кубалап чыгып жыргап кеттикпи? 20 жыл артка кеттик. Мына 9 жыл өтүп, 10 - жылга баратат. Кайра эле ошол күндөрдүн талашында жүрөбүз. Мамлекетти башкаруунун жоопкерчилигин алган УӨттүн 14 мүчөсү, Ата - Бейитте табыттардын үстүндө ант бергени белгилүү. Антты бузгандарды ант урат. Жашоо бумеранг. Жоопкерчилик жок. Ким жооп берди?

Элдин убалы, мамлекеттин тагдырына ким жооп берет? Канчалык митинг ,чыры чуу, чукумай, тирешүү көп болсо ошончолук береке качат. Мамлекет деле үй бүлөдөй. Үй бүлөдө бир күн жаңжал болсо, кырк күн береке качат деген сөз бар. Адамдардын пейилинен, мүнөзүнөн бөлүнүп чыккан тескери энергия бөлүнүп чыгып, абаны, атмосфераны булгап коомго таасир этет. Мурдагы шалаакы бийликтин жыйынтыгы экономикабыз артка кетип, бюджетибиз толбой, убадаларыбыз аткарылбай ууруну ууру карма деп кыйкырып жүргөндөйбүз. КЫРГЫЗ УЛУТУ үчүн эмес УРУУЛУК кылуу үчүн бийликке келген адамдын БИОГРАФИЯСЫ ЭМЕС, ГЕОГРАФИЯСЫ үчүн деген күрөштүн жыйындысы ушул күндөргө алып келди. Качан токтойт, трайбалисттик, регионалдык көз караш?!

Качан Кыргыз мамлекетинде УЛУТТУК ИДЕОЛОГИЯ туура түзүлүп, элдин моралдык психологиялык мүнөзүн ыйманга келтирип бөлүнүп - жарылуучулук, трайбалистик көз караштарды чектеп, бир багыттагы идеологиялык иштерди жүргүзгөндө гана.

Эгерде улуттук идеология болсо жок дегенде союздун мезгилиндегидей тартип орномок. Тилекке каршы, эгемендүүлүктү алганыбызга чейрек кылым өттү. 30 жылга жакын мөөнөттө ӨЛКӨБҮЗДӨ УЛУТТУК ИДЕОЛОГИЯ жок.

Улуттун көз карашын өзгөртүп, ыйманга келтирүү, ынтымакчылыкты бекемдөө негизги максат болуу керек эле. Тескерисинче бийлик башына келген, Отунбаева менен Атамбаев 2011-2012-жылдары “Ата Журт” фракциясынын колдоосу менен, мен жетектеген эксперттик топтун, түпкүлүктүү калк бир гана КЫРГЫЗ экендигин анын жоопкерчилигин КЫРГЫЗ УЛУТУ ала турган, УЛУТТУК ИДЕОЛОГИЯНЫН НЕГИЗИ болгон МАМЛЕКЕТТИК УЛУТТУК САЯСАТ КОНЦЕПЦИЯСЫНЫН долбоору Ахматбек Келдибеков Жогорку Кеңеште төрага болуп турганда ЖКтен биринчи окуудан өткөндүгүнө, МАМЛЕКЕТТИК УЛУТТУК КОНЦЕПСИЯНЫ иш жүзүнө ашыруу үчүн 14 мыйзам долбоорунун даяр турганына карабай, "Улуттук азчылыктар жана аны коом менен баш коштуруу" - деген улуттар ассамблеясынын концепсиясы менен алмаштырып, президенттин коопсуздук кеңешинде карап, УЛУТ КЫЗЫКЧЫЛЫГЫН четке каккан токтом кабыл алышкан.

Ушундай кадамга барган бийлик башындагы адамдардан кыргызга күйөт деп жыйынтык чыгарууга болобу?

Эл аралык уюмдардан келген акча каражатынын кулу болуп, улуттук концепцияны тебелеп бергендерин мен кечире албай келем. Жыйынтыгында Улуттук концепция жок болду. Натыйжада улуттук идеология түзүлбөй калган.

Эгемендүүлүктү алгандан кийин Улуттук идеологиянын орду бош болуп  калды. Ал “вакумдагы” боштукту бей өкмөт уюмдар, түрдүү диний агымдар ээлеп алды. Алардын таасири өтө күчтүү, түрдүү акцияларды, башаламандыктарга уюштуруп келишет. Бул мамлекетке кооптуу акыбалды жаратат.

“НПОлор”, эл аралык уюмдар, Улут аралык мамилелерде, Түндүк-Түштүк маселелерде түрдүү долбоорлор менен тескери жагынан өз таасирин токтотпой келишет, тилекке каршы НПОлорго мамлекеттик көзөмөл жок. Эмнени кор тутсаң, сөзсүз коруна каласың. Жаманды көрбөй жакшынын кадырын билбейсиң деген. Бизге сабак болуш керек. Падышаларды кубалап, убалына калдык. Салыштырмалуу Акаев, Бакиев үй - бүлөсүнө таасир көрсөтө албаганы менен кылган кызматтары тарыхта орчундуу орундарды ээлейт. Акаевдин 15 жылдык мөөнөтү өзүнчө чоң тарых. 2005 - жылы Бакиевди ушул эле 2010- жылы төңкөрүштүн башында тургандар, УӨттүн курамы бийлике алып келген. Ошол эле адамдар 2010 - жылы бийликке Отунбаеванын Президент болуп олтурушуна, Атамбаев премьер болуп иштегенге шарт түзүшкөн. 2011 - жылы Отунбаева бийликти Атамбаевге батасын берип өткөрүп берди.

2017 - жылы Атамбаев Жээнбековду шайлоо жолу менен такка алып келди. Бир  -бирин сүйүнүп жатып, колдоп алып келип кайра тез эле “үф са-ссык”  кылып Атамбаевдин Отунбаеваны да легитимсиз деп, ачык айткан.  Эми өзү легитимдүү деп таанып, өзү берген батаасынан танып, Жээнбековду да легитимсиз, тааныбайм, легитимсиз Президент деп бир канча жолу айтты.

Эгерде Отунбаева, Жээнбеков экөө тең легитимсиз болсо, анда Атамбаев өзү легитимдүү иштеп кеткен Президент катары мыйзамды сактасын, МЫЙЗАМ ТАЛААСЫНДА иш алып барсын!

Элди бөлүп - жарып, митинг уюштуруп, мыйзамсыз аракеттерди жасабастан, ЖКтин, Башкы прокуратуранын чечимдерине баш ийип, мыйзам талаасында өзүн актап алсын. Так жыйынтык чыгарбасак  кайра 2010 - жыл кайталанчу коркунучу жок эмес. Төңкөрүш жасап, иштеп турган Бакиев башында турган бийликти кубалап УӨттүн күчү менен ЖАКШЫ ПРЕЗИДЕНТКЕ жетиштикпи, карыздардан кутулуп, бюджетибиз көбөйүп дүркүрөп өсүп - өнүгүп кеттикпи?

Президенттерибиз бирин-бири колдоп, кубаттап сунуш кылышып алып келишти. Кайра эле бир - бири менен тытышып, тил табыша албай бир бирине таш ыргытып, элдин башын айландырып, мамлекетти жарга такап койгонун моюндарына албай элди кыйнап бүтүштү. Мен жакшы, мен таза деп, бир-бирине шылтагандан башка сөздөрү жок. Айта берип, кайта тана берип, сөз менен убаданын кадырын кетиришип, сөздөрүнүн туругу жок болуп калгандыгын түшүнгүлөрү келбейт.

Маскара болуп жатканыбызды тан алгылары келбейт. Кылыктарын, аракеттерин көрүп туруп, карапайым эл тооба дешип, жакаларын кармап, ынсап бергин деп олтурганы менен иштери жок. Тообасына жангандын ордуна, бир гана өзүн легитимдүү болуп иштедим деп жар салган Атамбаев, трайбалисттик ооруу менен ооруп, мурдун тарта албаган Мээрбек, Фархад ж.б балдарды кайра, кайра учурдагы Президентти" Соке кет, кет, кетсин"- деп кыйкыртып, элдин тынчтыгын бузуп, мамлекеттин ичинде мамлекет бардай кош стандарттуулукту түзгөнгө аракет кылганына карапайым эл таң калып келет. Мындай өнөрлөрүңөр бар экен, Бакиевден өткөн жакшы бийлик жүргүзө албагандан кийин эмнеге төңкөрүш кылып, бийлике келдиңер - деген суроо, коомчулукта өзүнөн - өзү пайда болду. Болгону уурулук, коррупциялык иштерди жасап, шофер, жансакчы, кайни, аяш, катын бала - чакалар менен байып накта кландык мафияны жасап, өз ишиңерди бүтүргөнү, байыганы элди бөлүп жарганы, Түндүк - Түштүктү  ажыратканы бийлике келдиңерби! Элдин бетин кантип карайсыңар?

Ошондуктан Атамбаев, “осурган кыз, осурбагандын бетин аймайт, кыз бозуп энесин коркутат болбой”, кайра эле элди дүрбөлөңгө салбай,"МЫЙЗАМ БААРЫНА БИРДЕЙ, УУРУНУН ОРДУ ТҮРМӨДӨ" - деп, айтып келген сөздөрү чын болсо айланасындагы элдерди чогултуп жан соогалабай жеке өзү керт башы менен МЫЙЗАМДУУ ТАЛААДА өзүнүн ак, каралыгын сот аркылуу далилдеп алганы мыйзам ченемдүү иш.

Ал эми, карапайым катардагы кыргыз элим, ар бирибиз ой жүгүртүп, балдарыбыздын келечеги, мамлекетибиздин бүтүндүгү үчүн, бөлүнүп жарылбай бир бололу. Мыйзам талаасында далилдерге таянып, ой жүгүртүп, бир - бирибизге акаарат кылбай сабырдуулукту пир туталы.

РЕГИОНАЛДЫК ТРАЙБАЛИСТТИК КӨЗ КАРАШТАРДАН АРЫЛАЛЫ

Мамлекет биздики, эл, жер биздики."Хандар келип кетет, эл калат. Суу кетет да, сай калат " - дегендей, эгемендүү мамлекет, мамлекеттин бүтүндүгү, мамлекеттин коопсуздугу кыргыз элине керек. "Битке өчөшүп, ыштанын отко салыптыр" болуп, бир эл, бир журт, бир атанын балдары экенибизди унутуп, 2010 - жылкы акыбалга келип шордуу болбойлу. Ачууга алдырбагыла. Ар кандай провокацияларга көңүл бөлбөгүлө. Достор, Хандар же болбосо Кыргызстандагы Экс жана учурдагы Президенттер тирешсе өз алдынча чечишип алсын.  Аларды эл зордуктап дос кылган жок. Кимиси чакырса да ар кандай митинг жыйындарга барбагыла. Анткени жашоо ар бирибизге керек. 2010-жылкы окуялардан жыйынтык чыгаргыла. Ынтымак болуп, уруулар, жердешчилик үчүн эмес, КЫРГЫЗ УЛУТУ үчүн күрөшөлү.

Учурдагы саясий кризиске, экономикалык кыйынчылыкка, моралдык психологиялык кайчы пикирлердин кагылышуусун, бөлүнүп - жарылууга айлантпайлы. Экс - президент саясаттагы бийликтеги учурунда жасаган кыймыл - аракеттерине сын көз менен карап, мыйзам талаасына бет алсын. Жекече кызыкчылыгы үчүн эки тарап болуп бөлүнбөсүн. Болбосо ал киши тарыхта өз ордун жоготуп коюу коркунучунда турат. Кезектеги 3 - төңкөрүлүштү эл көтөрө албайт. Ынтымакка келип мыйзам талаасында сүйлөшүү учур келди. Жыйынтыктап айтканда, 2010 - жылдагы төңкөрүштүн жыйынтыгын көрдүк. Үчүнчү бир чыңалуунун эч кандай кереги жок. Ар кандай кадамдар мыйзам талаасында чечилсе, эч кимге зыян болбойт.  Андыктан бүгүнкү кырдаалда ынтымак, биримдик , тынчтык гана жеңет.

Бул менин жекече көз карашым...

Эч кимге таңуулабайм. Айрымдар туура эмес түшүнүп, мага асылгысы келгендер окубай эле айланып өтүүсүн суранам. Ачуу чындыкты туура түшүнгөндөр өз пикирин калтырса болот. Анткени 9 жылдан бери бийликти калчаган жетекчилерге балким таасир этип жыйынтык чыгарышып калабы деген оюн жазган коомдук - саясый ишмер Надира Нарматова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости