www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго “мыйзамсыз баюу” беренеси менен сотко чейинки териштирүү иштери башталды деген маалымат тараган. Говори ТВ маалымат агенттигине КР Башкы прокуратурасы “Райымбек Матраимовго эч кандай жаңы сотко чейинки териштирүү иштери башталган жок. Жогоруда чыккан маалымат чындыкка дал келбейт, буга чейин Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине февралда катталып, каржы полициясы текшерүү жүргүзүп жатат”,-деп жооп берген.

Эске сала кетсек, февраль айында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүүгө киришкен.

Ал эми Матраимов жакын арада эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге Кайрылуу жасап, тизгинин тартса, “эстафетаны Райымбек Мартраимовго сунамын” деген Дамир Мусакеев камакка алынды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости