www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


--Урмат мырза, учурдагы саясат тууралуу кеп кылалы... Бүгүн, мурдагы президент Атамбаев КСДПнын “лидерлик” кызматынан кетти. Бул саясый жүрүшкө кандай карайсыз?

--Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эркек экен, “мен президенттик кызматтан кеткенде баарын артымдан ала кетемин”, деген. Ала кетмек түгүл, бир тобун каматканга да жетишти. Алдыда ал кишини кандай күндөр күтүп турат, аны бир гана Кудай билет бирок Алмаз Атамбаев өзү дагы билет. Өзү айткандай “акты ак, караны кара” деп айтып, кайсы жери кара, кайсы жери ак экенин далилдеп бере турган күнгө аз калды. Атамбаев ураан кылып айчы эле го уурулар түрмөдө гана олтурушу керек! Эң эле кызыгы, мурдагы бийлик түрмөдөгү адамды алып чыгып элита кылып, элита кайрадан түрмөгө олтуруп атканы тагдыр таразасы.

--Айрымдар Рамазан айында бийлик туура эмес кылып жатат деген пикирлерин айтышууда. Орозо бүткөнчө камабай турушу керек беле?

--Тергөө иштери Рамазана айына же Орозого карабайт. Күнөөсү аныкталса сот чечимин чыгарса буга бийликтин же Жээнбековдун кандай тийешеси бар. Эгер күнөөсү жок болсо аны биз же ар кандай пикирлер эмес аны сот далилдейт. Эң кызыгы ошол эле Атамбаевдин бийлиги мурдагы бийликти каттуу сындап келген, соттолуп жаткандарды камалсын, жегичтер, деп кыйкырып жүргөндөр кайтар дүйнө болуп, сахнаны алмаштырып алгандай. Алар бүгүн сотторго нараазы болуп, бийликке акаарат айтып жүрөт. Эгерде мурдагы бийлик ар кимди күнөөсүз түрмөгө тыкпай, канчалаган адамдардын каргышына калбаганда бүгүн бул күндү көрбөйт беле?

--Батукаевдин артынан Атахановдун камалышы, Сагинбаеванын үй камагына чыгып кетишине кандай сарасеп салсак болот?

--Менин уккан маалыматтарыма караганда мурдагы КР саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева Атахановдун камалышына жол ачып, өткөн окуяны булбулдай сайрап, биз күтпөгөн тизмелерди тактап берди. Эми Атаханов, эч нерсе болбогондой Батукаевдин өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кеткенин Алмазбек Атамбаев буйрук берген деп суракта айтып берет.

--Жакынкы күндөрү кандай саясый өзгөрүүлөр болуп кетиши мүмкүн?

--Жакын күндөрү “Форум” командасы элди көтөргөнгө аракет кылат, бирок майнап чыкпайт. Себеби, кыргызды тебелеп келген мурдагы бийликтин жүзү ачылды.

--Дамир Мусакеевдин камалашы саясый оюн эмеспи?

--Муну саясатташтырбай эле койсок болот.  Бул болгон жан сакчы болгон жана Атамбаевдин курмандыгы менен садагасы болуп чабылып кете берди.   

Булак: NazarNews.kg

Последние новости