www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ КСДП менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин идеологу Фарид Ниязов “Атамбаев 3-4 жолу Жээнбековго “жарашалы” деп сунуштады, бирок жооп болгон жок, Атамбаевге каршы күрөшүү пайдасыз экенин Жээнбеков түшүнгөндө баары кеч болуп калат” деп айтуу менен АШАнын чегинүүгө аргасы калбай баратканынын четин чыгарган. Себеби, экс-президенттер жөнүндөгү мыйзам парламент тарабынан кабыл алынып, ага президент кол койгон соң, Атамбаевдин абалы кыйла оорлошо түшкөн. Күчүнө кирген жаңы мыйзам боюнча Атамбаев партияны жетептеп, же партия курамында болуп активдүү саясатка аралаша турган болсо, анын мыйзамда каралган укуктары алынып салынат.

Бүгүн Алмазбек Атамбаев КСДП партиясынын төрагалыгын тапшырып, курамынан кеткенин расмий жарыялады. Ал КСДПнын саясий кеңешин да башкара албайт. Эгер саясий кеңешти башкара турган болсо, саясий иштерге аралашып, саясий ишмердүүлүгүн активдүү улантууда деп эсептелет. Партияны парламент депутаты, партия төрагасынын орун басары Асел Кодуранова убактылуу жетектей турган болду.

Атамбаевдин бул кадамы алсыз болуп калганын, күрөшүүгө дарамети жетпей баратканын көрсөттү. Жаңы мыйзамга кол коюу менен бул раундду Сооронбай Жээнбеков утту.

Ушул жылдын апрель айында экс-президент Алмазбек Атамбаев “Президенттикке талапкер тандоодон жаңылыптырмын. Кетирген катачылыгымды оңдойм…” деп элдин алдында сүйлөгөн. Анын бул айтканы кандай гана жол болбосун азыркы президент менен кармашууга даяр экенин, артка кайтпай турганын билдирген. Бирок, бир айдан кийин эле минтип саясаттан чыгууга аргасыз болуп, өзүнүн керт башын аман алып калууну туура деп чечти. КСДПнын өкүлдөрү “Жаңы мыйзам боюнча экс-президент саясий иштер менен алектене албайт, саясий партияны жетектей албайт, курамында болбоого тийиш. Ошондон улам Алмазбек Атамбаев мыйзам чегинде убактылуу партиянын курамынан чыгып турууга туура келди” деп мыйзамдын жолуна салганга аракет кылганы менен ага коошпой жатат.

Кыргыз Республикасынын экс-президенти тууралуу мыйзамда “Кыргыз Республикасынын экс-президенти мамлекеттик бийлик органдарында саясий, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө, ошондой эле саясий партиянын жетектөөчү органдарындагы кызмат орундарын ээлөөгө же болбосо саясий партиянын ишине башкача түрдө катышууга тийиш эмес.

Кыргыз Республикасынын экс-президенти ушул статьянын 3-бөлүгүндө белгиленген чектөөлөрдү сактабаган учурда, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин актысы менен ага ушул Мыйзамда каралган бардык кепилдиктерди берүү, ошондой эле республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен материалдык жана башка камсыз кылуу токтотулат.” деп каралган. Атамбаевди мыйзам боюнча эч ким саясатка аралашпа, саясий партияны жетектебе деп тыюу салбайт. Болгону, саясатка кайрадан активдүү аралаша турган болсо, мыйзамда каралган кепилдиктер алынып салынып, катардагы саясатчылар менен бирдей деңгээлде иш жүргүзө берсе болот. Кол тийбестик деген түшүнө дагы кирбейт.

Атамбаев мыйзамда каралган кепилдиктерден ажырап, кылмыш жоопкерчилигине тартылып калуудан коркуп, саяаттан кетүүгө мажбур болду. Президент учурунда бийликти узурпация кылганы, коррупциялык иштерге жол бергенин айтпаганда дагы, мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетиши тууралуу иштин багыты өзүнө алып баратат. Дача-СУ кырсыгы да кайрадан жанданып, мына-мына “оборот” алганы туру. Тегерегинде оор салмактуу саясатчылардан дээрлик калган жок. Элди көтөрө албасын 2-3 жолку аракетинен кийин сезди. Досу Жээнбеков менен элдешүүгө аракетинен майнап чыкпады. Акыркы жолу партиясын таштап, саясаттан кетүү экенин аңдады. Бул жол мыйзамда каралган кол тийбестик кепилдигин жоготпой, керт башын сактап калат. Атамбаев ушул жолду, өзүнүн керт башын сактап калууну тандады. Командасынын тагдыры түккө турбады. Эгер, Атамбаев тайманбай күрөшө алчу чыныгы лидер болгондо, жаңы мыйзамды сыйладым деп четке чыга бербей, командасы үчүн күрөштү улантмак. Андай эрктүүлүккө бара албады. Муну кыргыздар “ыштанын булгап алды” деп коюшат. Атамбаев үчүн баарына даяр болуп, азыр түрмөдө олтурган жаш балдар ишенген кожосунун бүгүнкү чечиминен кийин бармагын тиштеп олтурушса керек.

Булак: http://ring.kg

Последние новости