www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков жаңы эле кол койгон экс-президенттердин кол тийбестиги тууралуу мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр мамлекет башчыларынын бийлик тарыхындагы жаңы этап катары каралууга тийиш.
Дал ошондуктан улам, азыркы күндүн эң актуалдуу маселеси болуп, эми экс-президенттердин кимиси биринчи болуп түрмө торунун артынан орун алат? — деген суроо жаралды.
Эгерде бул “экс-президент” деген бийик статуска азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун мурдагы досу — Алмазбек Атамбаев жана да ал өзү Эгемендик майрамы Күнү “самозванка” деп атаган, Убактылуу өкмөт тушунда референдум жолу менен гана президент болуп шайланып алган Роза Отунбаева экөө эле расмий түрдө ээ экендигин эске ала турган болсок, кимдерге кезек келгендиги түшүнүктүү болуп калат.
Ошондуктан, айрым бир саясатчылардын жана да Атамбаевди жактоочулардын “бул мыйзам бир гана Алмазбек Атамбаев үчүн атайылап даярдалды” деген болжолдору суу кечпейт. Башкача айтканда, бул бардык экс-президенттерге тиешелүү болуп кала берет. Ал эми анын капканына чабылып калбаш үчүн, Атамбаевге окшоп мыйзамдык алешемдиктерге жана башаламандыктарга жол бербей, таза жана адилет иштөө керек деген талапты гана билдирет!
“Текебаевди каматтырбай койсом деле болмок экен!” — деп, кыйла кеч бармагын тиштеген Атамбаев азыркы күндө аң-сезимдүү түрдө жасаган башка дагы көп кадамдары үчүн өкүнө баштагандыгын баамдоо кыйын деле эмес. Арийне, алардын ичинен эң биринчи орунга чыкканы — мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин иши болуп каларлыгы айкын болууда.
Куйругу бир аз катуураак тепселгенде, жаны бар экен — мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун дароо экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жана да анын жеке өзү бул ишти көзөмөлдөп жатканы тууралуу ошол кездеги президенттик аппарат башчысы Данияр Нарынбаевден уккандыгын жар сала кыйкырып жиберди!..
Логика боюнча алганда, бул күтүлгөн эле процесс болууда. Эң жогорку бийликтин макулдук-ишааратысыз (бери эле болгондо, — түздөн-түз чыгаруу тууралуу көрсөтмө берилбегенде да!) мындай жапайы мыйзамсыздыкка эч убакта жол берилмек эмес.
Ал эми Данияр Нарынбаевдин унчукпай гана, өзүнүн суракка чакырылуу кезегин демин ичине ката, күтүп турганын да оңой эле түшүнсө болот. Бир кездеги “Нариман Түлеевдин кызынын парасы” аркылуу кармалып, жаза мөөнөтүн олтуруп чыккан, тажрыйбалуу зэктерден болуп калган, шефине ич күптүсү бар неме, келме-кезек деп коюп, башка эч ашыкча маалымат бере албаган күндө деле, “Турсунбек акыйкатчы акыйкат сүйлөп жатат” деп койгону, чындыктын чыркырап, өзү эле чыга калышына жол ачат… Анан калса, ал өзүнүн ордунда башка бирөө, — балким Икрам Илмиянов, же Фарид Ниязов болуп калса, президент буга жол бермек эмес, мени болсо жөн гана курмандыкка чалып, мыйзамды бекем сактап жаткандыгын показуха кылууга гана салып берди деген таарынычы да түрткү болот.
Мындай ич күптүгө жол берген жагдайлар толуп жатат. Алмазбек Атамбаев али премьер-министр кезинде эле анын мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиевдин — маркум милиция полковниги Чыныбек Алиевдин өлүмү боюнча айыпталгандардын бири болуп, узак мөөнөттүү жазага кесилген адамдын акталып, биротоло таптаза болуп боштондукка чыгып калышы да учурунда коомчулукта көп ызы-чуулуу суроолорду жараткан…
Кандай болгон күндө да, мындан ары ким президент болсо да, анын акыл көрөңгөсү канчалык чектелүү-тайыз болсо да, кийинкисин ойлонуп, кол тийбестиги убактылуу гана экендигин, эртедир-кечтир өзү жасаган иши үчүн башка жарандардай эле мыйзам алдында жооп берерин түшүнүп, абайлап, алды-артын карап, мыйзам боюнча гана иштегенге шарт түзүлдү.
Эгемендик тарыхына кылчайсак, бизде отуз жыл бою анча көп президент деле болбоптур. 1990-жылдын күзүндө Аскар Акаев президент болуп шайлангандан бери, укуктук-мыйзамдык негиздер бекем сакталган демократиялуу өлкөлөрдө бери эле болгондо 6–7 президент алмашууга үлгүрдү. А бизде болсо бар болгону бешинчи президент жаңыдан гана ишин баштап олтурат…
Алгачкы эки президент — качкын Аскар Акаев менен “апрель революциясында” кулатылган Курманбек Бакиев экөө эбак мыйзам аркылуу өз “энчилерин” алышкандай болушкан. Демек, жогорудагы жаңы мыйзам азырынча Алмазбек Атамбаев менен Роза Отунбаевага гана тиешелүү болуп калат. Айта кете турган нерсе, бул мыйзам иштеп, акыры аягына чейин аткарылышы үчүн бул соңку экөөнүн тең ишмердигинде олуттуу илинчектер жаралганы ачыкталууда. Алдыда Батукаевден башка дагы Уран кени маселесине байланышкан кылмыш иши козголуп калышы да толук ыктымал!..
Бул мыйзам парламентте адеп талкууланып, ал эми коомчулукта кызуу колдоого алынып баштаган кезде эле, депутат Каныбек Иманалиев Бермет Букашеванын “Секреты власти” берүүсүндө экс-президенттердин кимдир бирөөсү тарых үчүн сабак болушу үчүн түрмөгө сөзсүз олтурушу керек! — деген пикирин билдирген.
Чынын айтканда, мыйзам объективдүү иштей баштаганда, экс-президент Аскар Акаев эбак эле жалгыз Аксы окуясы үчүн (калган Кумтөр, Үзөнгү-Кууш ж. б. азырга чейин талаш жаратып жүргөн окуяларды тергөөгө жеткирбей, сот болбогон күндө деле, тарых өзү тастыктап, ордуна кое баштабадыбы?!) өзүнүн жакын жан-жөкөрлөрү менен бирге, дыргаяктап качып кетерден алда канча мурда эле соттолушу керек болчу!
Айтор, Осмонакун Ибраимов деген үй-бүлөлүк бийликтин идеологу (Акаев тарыхта эң жакшы президент катары калат деп миң ирет кайталаган күндө деле) жана да Каныбек Иманалиевдер азыр кандай жаңы обондорго салып чулдурашканы менен деле, эч нерсе өзгөрүп кетпеси анык!
Акаевдин бийлик кылган доору элдин эсинде абдан катуу терс окуялар аркылуу калгандыгын оңой менен унуткарууга болбойт. Албетте, ал өзү жана үй-бүлөсү, жакындары мыйзамдуу чыккан сот өкүмү аркылуу жоопко тартылбай калгандыгына карабастан, моралдык жактан азап тартып, элдин жек көрүүсүн алиге чейин өз жонтериси менен сезип келе жаткандыгын ушул жылдын башында эле Германиядагы Кыргызстандыктар тарабынан “жумуртка чабуулуна” кабылгандыгы дагы бир ирет эске салды.
Артка кылчайсак, ал тургай, жада калса табигат да Аскар Акаевдин бийликке келишин такыр жактырбаган сымал, дароо эле жаман жышаан болгон белгилерди берип баштагандыгын байкайбыз. 1992-жылдын кыш-жаз-жай айларындагы жер титирөө, сел, жер көчкү сыяктуу табигый кырсыктардан эле 15 (он беш) миллиард рубль зыян келтирилген экен. Ошол эле учурда биздин өлкөнүн бир жылдык бюджети бар болгону 5 миллиард рубль чамасында гана болгон! (“Азия”, № 38, декабрь 1992-жыл).
Мындай зор чыгым гиганттык сумма экендигин айтып түшүндүрүүнүн кажети деле жоктур? Башкача айтканда, өлкө үч жылда керектеп, зарыл муктаждыктарына гана жумшай турган каражат сел, жер көчкү менен кошо кеткендей эле болгон!.. Же, ошондо эле жер титирөө жана башка табигый кырсыктарды да өз кызыкчылыктарына пайдаланып, кошумча жазуу жолу менен (приписка кылып) жегенди башташкан беле?
Азыркы кезде абактан мөөнөтү кыскарып чыккан Акаевдик бийликтин дагы бир апологети Бекболот Талгарбеков “Алмазбек Атамбаев кыргызга миң жылда бир келчү кырсык” деп улам-улам кайталап, жар салып жүрбөйбү. А чындыгында, Акаевби, же Атамбаевби — кимиси кыргыз элине көбүрөөк зыян келтиргенин айтуу азырынча бир топ кыйындыкты жаратат.
Тилекке каршы, мыйзамдардын көбү кагаз жүзүндө гана кала берип жаткандыктан, тээ Акаев доорунан бери эле бардык президенттер коррупцияга каршы аёосуз күрөш жарыялап келе жатышы көнүмүш кампанияга айлангандыгына карабастан, бул багытта олуттуу жылыштар болмок турсун, тескерисинче, кылмыштуулуктун масштабы барган сайын өсүп бара жаткандыгына гана күбө болуудабыз.
Эми экс-президенттердин кол тийбестиги боюнча мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр ошондой мыйзамдык-укуктук саздан биротоло бошонуп чыгып, позитивдүү өзгөрүүлөргө карай жол баштай турган бурулуш болуп калат го деп жакшы тилек кылып туралык. Кантсе да, акылман элибиз “жакшы тилек — жарым ырыс” деп коёт эмеспи.
Ошондуктан, “балык башынан сасыйт” деген, түпкүлүгү бизге орус тилинен кирген лакаптын өтө актуалдуу маселеге айланышы да мурунку экс-президенттер доору менен чогуу кетип, азыркы замандын бийик талаптарына жооп бере ала турган идеялардын жана умтулуулардын жаралышына шарт түзүлүүдө.
Ушуга шүгүрчүлүк келтирип, эми мындан аркысы жакшы болсун деп изги үмүт-тилек артып туралык. Кудай эми бешинчи президент Сооронбай Жээнбековду мындай ыплас иштерден алысыраак кармасын, ал бийликтен кеткен соң да ушул сыяктуу талаштуу-курч маселелер жаралбасын дегенден башка арга жок. Антпесе, бизде бийликте жүргөндө Кудайды оозунан түшүрбөгөн, а бирок, бийликтен кеткенден кийин эле булганган арты булайып чыккандар көп болууда. Ошол эле Алмазбек Атамбаев, Роза Отунбаева сыяктуу болуп…
Ошондуктан, бул коркунучтуу дарт “көнүмүш адатка” (же медициналык термин менен айтканда, хроникалык мүнөзгө) өтүп кете элегинде, кыйла эле кечирээк болсо да, тиешелүү мыйзам иштелип чыгып, кабыл алынганы абдан туура жана колдоого аларлык кадам болду. Мындан ары колу туткак, ар кандай арам жолдор менен баюуга башынан ыктап көнүшкөн адамдар да президенттик бийликке карай ашыкча умтула беришпей (президент болсоң да, баары бир акыры соттолосуң да!?), өз иштерин көмүскө буйткаларда жана ар кайсыл булуң-бурчтарда гана жасап калышары маалым. Себеби, президент каалайбы-каалабайбы — дайыма коомчулуктун көңүл борборунда болот. Бир гана ал өзү гана эмес — анын үй-бүлөсү жана жакын туугандары дагы!
Демек, президент жалгыз өзү гана таза болбостон, жогорудагы жакын чөйрөсүнүн да абдан этият жана таза болушун көзөмөлдөшкө мажбурланат. Ансыз деле тээ акаевдик доордон бери “президент өзү абдан жакшы, мыкты адам, бирок, анын аялы, балдары, үй-бүлөсү, бир туугандары, жакын туугандары, кудалары, күйөө балдары ж. б.д.у.с. бузушпадыбы!” деген сымал актануулар эбак көндүм адатка айланган.
Ал эми чыныгы патриот, өз элин, мамлекетин ойлогон адам — президент болуп шайлангандан кийин андай ар кандай майда шылтоолорго эч качан жол бербейт. Аны кошоматчылары жана жакын жан-жөкөрлөрү ошол аңга карай канчалык жанталаша түрткөн күндө деле, ал баары бир мурдагы таза, патриот жана өз эл-жерин, мамлекетин сүйүп, аларды баарынан жогору койгон адам бойдон кала берет.
Тарыхтан буга далай мисалдарды табууга болот. Маселенин өкүнүчтүүсү — биздин өзүбүздүн тарыхтан мындай жакшы мисалдын азырынча жоктугунда болуп калып жатпайбы. Бери эле болгондо — жаңы эгемендик доорунан берки тарыхыбызда!..
Мына, эми ошол боштуктарды толтуруп, бардык табигый, нормалдуу талаптарды өз калыбында карай турган шарт жаралды.
Булак: Жаңы ОРДО