www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште 15-октябрдагы жыйында аутизм, Даун синдрому жана шал оорусу менен жабыркаган балдардын көйгөйлөрүн, ошондой эле бул жааттагы мыйзамдарда каралган алардын укуктарынын сакталышын изилдөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү.

Комиссияны түзүү демилгеси менен «Ала-Тоо» депутаттык тобу чыкты.

Депутат Дастан Бекешев мындай комиссия парламенттин жетинчи чакырылышында болгонун айтып, акыл-эси жагынан өзгөчөлүгү бар балдардын маселелерин да изилдөөнү сунуштады. Депутат Нилуфар Алимжанова сезүү органдары боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын маселелерин киргизүүнү сунуштады.

Убактылуу комиссиянын курамына төмөнкү депутаттар кирди:

- Медер Чотонов, Мавлюда Калбердиева («Ала-Тоо»)

- Токтобүбү Ашимбаева, Гүлнара Акимбаева, Советбек Рустамбек уулу («Ынтымак-Мекенчил» )

- Улукбек Карыбек уулу, Айгүл Ахмедова («Элдик»)

- Жылдыз Садырбаева, Жылдыз Эгенбердиева, Бурул Аманова («Эл үмүтү-Ата Журт»)

- депутат Дастан Бекешев

- Махабат Мавлянова.

Последние новости