www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Мамлекеттик Думасындагы ЛДПР фракциясынын депутаттары чет өлкөлүк жарандардын балдарын 10-11-класста акы төлөп окутууну сунуштаган мыйзам долбоорун даярдашты.

Партия лидери Леонид Слуцкийдин айтымында, демилге орусиялык окуучулардын кызыкчылыгын колдоого багытталган. Ал эми 9-классты бүтүргөн чет өлкөлүк окуучулар кесиптик орто окуу жайларына тапшыра алышат.

Буга чейин Орусияда мигранттардын балдарын мектепке кабыл алуу талаптары катаалдаган. 2025–2026-окуу жылында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан келген окуучулардын саны 122 миңден 89 миңге чейин азайганы маалымдалган.

Последние новости