www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аргентинада аза кызматынын бир нече кызматкери табытта жаткан Диего Марадонанын сөөгү менен сүрөткө түшкөн жоругунан улам чыр чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү TN маалымат булагы жазып чыкты.

​Жарыяланган сүрөттөрдүн биринде мекеменин кызматкери Марадонанын маңдайына колун коюп, камерага карап бармагын өйдө көрсөтүп турганын көрүүгө болот.

Аза кызматынын өкүлдөрүнүн бул аракеттери Аргентина коомчулугунда кыжырданууну жаратып, кызматкерлерди жазалоо талабы коюлган. Бюронун ээси ал кызматкерлердин бири жумуштан айдалганын, футболчунун үй-бүлөсүнөн кечирим сураганын билдирген.

Эске сала кетсек, Диего Марадонанын каза болгону тууралуу кабар 25-ноябрда айтылган. XX кылымдын мыкты футболчуларынын бири жүрөк кемтигинен каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости