www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү "Мамлекеттик бийлик органдары" секциясынын отурумунда депутаттыкка талапкерлердин жашын 21ден 25 жашка чейин көтөрүүнү сунушташты.  

Чолпон Койчуманованын айтымында, мыйзам чыгаруу бутагына иш тажрыйбасы бар жарандар келиши керек.  

«Жада калса жөнөкөй жумушка орношкондо бизде стаж, эмгек тажрыйбасы талап кылынат. Ал эми бул жерде билим берүү мекемесин жаңы бүтүргөн жарандар мыйзам чыгаруу бутагына келишет. Бул кандай болсун?"- деп суроо узатты.

Аны депутат Акылбек Жапаров колдоп, өлкөдө саясатчыларга тиешелүү талаптарга көңүл кунт коюлбай жаткандыгын айтты.

«Биз президенттерге жана депутаттарга талап койбойбуз. Эң башкысы, алар чимкириктер болбосо эле болду. Биз сөзсүз түрдө жогорку билимдүү, иштөө тажрыйбасы бар, орус жана англис тилдерин билген жана башка тармактардан таланты бар адамдарды талап кылабыз. Мисалга алсак, Сингапурда жаран 15 жыл мамлекеттик кызматта иштебесе, президенттикке талапкерлигин кое албайт. Же болбосо ал 300 миллион долларлык компанияны иштетиши керек. Бизге ушуга окшошкон бир мыйзам керек», - деди ал.  

Эл өкүлү, жогорку кызмат ордуна талапкерлерге туура талаптын жоктугунан улам Кыргызстан татаал күндөрдү башынан өткөрүп жаткандыгына ишеним көрсөттү.

Кызуу талаш-тартыштарга карабастан, “Мыйзам чыгаруу бийлигинин” 66-беренесинин экинчи главасынын, экинчи абзацындагы: “шайлоо убактысында жашы 21ге толгон жана добуш берүү укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат”,- деген мыйзам өзгөртүүсүз калды. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости