www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз жери кенге бай. Эки миңден ашык жерде ар кандай көлөмдөгү алтын жана башка баалуу металл кени бар. Кыргызстандагы кен байлыктар, анын запасы гидроресурстардан кийин экинчи орунда турат. Тоо кен тармагы мурдагы СССРдин масштабында алдыңкы орунда турса, өлкөбүз эгемендүүлүккө жеткенден бери аталган тармактын өндүрүшү токтоп, айрымдары таланып-тонолду. Өлкөбүздүн өз алдынча кен казып алууга чамасы жетпегендиктен, чет жактан келген инвесторлор, ар кандай жолдор менен лицензияларды алышып, өзүлөрүнө ыңгайлуу келишимдерди түзүп алып, жаратылыш ресурстарын каалагандай пайдаланып келишти. Андан калса, пайдалуу кендерди казып алуу өндүрүшү - паракор-чиновниктердин чөнтөгүн толтурган тармакка айланды. Себеби, тоо кендери боюнча Кыргызстанда улуттук концепция жана чеке жылытарлык өкмөттүк Программа дагы жок. Коррупциянын келип чыгышы, калктын нааразычылыгынын баары ушундан келип чыгууда.
Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери экономикалык жактан көз карандылыкка жетип, бакубат өлкө курууга жетишти деп айтууга али эрте. Кен байлыкка бай өлкөбүз өзүнүн мүмкүнчүлүгүн толук пайдалана албай, көп учурларда коррупциялашкан бийликтин кенебестигинин азабын тартып келатат.
Андан калса, жаңыдан телчигип келе жаткан өлкөлөрдүн тез эле өнүгүп кетишин сырткы күчтөр каалабайт окшойт. «Менделеевдин мезгилдик системасында катталган элементтин бардыгын Кыргызстандын аймагынан табууга болот», деп мактанганыбыз менен, кен байлыкка көз арткан чет жактан келген шылуундар мамлекеттик башчыларын дагы жолдон чыгарып, өз элинин ырыскысын тоноодон кайра тартпаган ач көз Президенттердин, Өкмөттөрдүн кесепетинен өлкөбүз карызга батып, кен байлыктарыбыз таланууда. Ошол эле учурда калкыбыздын «ишке тойбой» турган күч-кубаттуу катмары жумушсуздуктун айынан иш издеп, өлкөнү таштап кетүүгө аргасыз болууда. Бир миллиондон ашык жараныбыз мамлекетке оорчулук келтирбей, өзүнүн жанын өзү багып чет жакта жүргөнү менен мамлекеттин бюджети дале жарды. Мигранттарыбыз бир жылдык бюджетке тете акча которуп, мамлекеттин көзүн каратпай өз үй-бүлөсүн багып жатканы менен, Президентибиз баш болуп дагы деле чет өлкөдөн карыз сурагандан уялышпады. Мунун сыры эмнеде? Мени ушул маселе түйшөлтүп келет...
Канадалыктар шылдыңдап жатышкандыр. Кошунага күлкү болдук. Кыргыз бийлиги Кумтөрдүн алтынан да көп проблеманы өзү жаратып алып, эртеден кечке аны талкуулагандан жадабайт. Ага канча каражат, убакыт кетти. Чеке жылытарлык эч нерсе бүтпөйт. Мына, эгемендүүлүк алгандан бери элибиздин маңдайына жазылган бийликтин жүзү. Сыртта рыноктун заманы ыркырап турганы качан. Көр тириликтин азабынан каржалган карапайым дыйкан-фермерлер рыноктун мыйзамдарын эбак эле өздөштүрүп алышканы менен, кыргыздын Ак үйдөгү камырабасчиновниктери баягы эле советтик номенклатурадагы кошоматчыл, өкүм зорлук башкаруунун чегинен чыга албай келишет. Бийликтин кошоматчылыгы, элибиздин ырыскысын талаган ач көздүгүмамлекетти белгисиз туңгуюкка түртүп баратат. Биз мындан жакында арылаарыбыз күмөн. Себеби, туңгуюктун түбүн көрүүгө үмүт арттыраар иштер жок.
«Кумтөр» алтын кени кыргыз элинин көйгөйүнө айланды. Бул Акаев баш болгон бийликтин биздин экономикабызга жугузуп кеткен илдети. Аскар Акаев, Борис Бирштейн, Дастан Сарыгулов жөнүндө айта берип тил жешилди. Андан кыргыздын алтыны көбөйүп кеткен жок. Кайра тескерисинче, Кыргыз Өкмөтү жылдан жылга “Кумтөр” кениндеги акциянын үлүшүнөн ажырап келатат.
Демек, бул илдетке кийинки бийлик дагы катуу чалдыкканы ачык далил. Эгемендүүлүк алгандан бери «Кумтөр» алтын кенин иликтөө боюнча жалпы жонунан 20дан ашык депутаттык-өкмөттүк комиссия түзүлүптүр. Жогорку Кеңеш атайын Кумтөр маселеси боюнча 30дан ашуунжыйын өткөрүптүр. Жыйырма жылдан бери ушул комиссия мүчөлөрү, депутаттар стулга күч келтиргени эле болбосо, жарытылуу эч нерсе бүтүрө алышкан жок. Кээ бирлери бийлик менен байлыктын кулу болушту. Кызмат, сыйлык берип койсо теңирден тескери сүйлөп калышты. Мындан ары кандай болот? Суроо көп, жооп жок...
Мен акыркы он жылдан бери саясый кызматта болбогонум менен, «Кумтөр» кениндеги, жалпы эле өлкөдөгү алтын өндүрүшүнүн экономикабызга тийгизип жаткан терс көрүнүштөрүн ачык айтып келе жатам. Кыргызстан КМШда алтынды көп өндүргөн өлкөлөрдүн алдыңкы сабында турат. Жылына 20 тоннадай алтын өндүрөбүз. Өзүбүздүн жана чет элдик басылмаларга көз жүгүртүп, дээрлик отуз жылдан берки алтын маселесине байланышкан ишмердүүлүгүмдү кылдат иликтеп көрүп, эмне үчүн өлкөбүз ушундай тагдырга туш келди? деген суроонун түйүнүн чечүүгө аракет кылып келем. Ушул собол учурдун көйгөйүнө айланып баратат.
Көрсө...Көрсө, биздин мамлекетибиз 90-жылдардын башында, эгемендүүлүктү алган алгачкы жылдарда эле чет элдик алдамчы-мошенниктердин барымтасында калыптыр. Ооба окурман, Президентибиз Аскар Акаев баш болуп алдамчылардын кызыкчылыгына, (албетте бекер эмес) жан талаша иштеп бериптир. Алтын өндүрүшүнүн келечегине ошондо эле «балта чабылган» экен. Мамлекет башчыларынын алсыздыгынан пайдаланып, элдин байылыгын талап-тоноп кете ала турган адамдар көп турбайбы. Мен сөз кыла турган андай адамдардын бири - эл аралык деңгээлдеги мошенник Борис Бирштейн.
Ооба, ушул адам Кыргызстанга келип, өлкөдөгү тоо кен тармагындагы коррупциялык ишмердүүлүккөнегиз салып кетти. Президент Аскар Акаевдин «колтугуна» кирип алып, кыргызга кыянатчыл саясатын коркпой жүргүздү. Бирштейндин түзүп кеткен коррупциялык схемасынын кесепети акыры аягы «Кумтөр» алтын кенине эле эмес, өлкөдөгү жалпы кен байлыктарды иштетүүдө бүгүнкү күнгө чейин терс таасирин тийгизип жатат.
Борис Бирштейн Кыргызстанды гана сызга отургузбаптыр. Ал постсоветтик өлкөлөрдө төңкөрүш жасоочулардын демөөрчүсү, Компартиянын акчаларын «тоногон» жоруктары менен белгилүү болгону өзүнчө детективдүү чыгарма жазууга арзый турган образдын ээси. Ушундай адамды Аскар Акаев канатына калкалап, өзүнө мамлекеттик кол тийбес кеңешчи кылып, кастарлап жүргөнүнө акылым айран. Дүйнөлүк деңгээлдеги илимпоз, эл аралык абал менен кабардар бир өлкөнүн Президенти, «биттин ичегисине кан куйган» Акаев, Бирштейнди кантип билбей калды экен? Бул жөнүндө дагы алдыда кеңири сөз кылабыз....
Мезгил келди, окурман. Отуз жылдан бери оюна келгенди жасаган бийликтин тизгинин тарта турган учурда жашап жатабыз. Эсибизге келели. Ата-бабабыздан калган кен байлыктарды элибиздин кызыкчылыгына иштетүүгө али да кеч эмес. Мен ушул китебимде, буга чейин болуп калген эки тараптуу келишимдерди түзүүдөгү мамлекеттик деңгээлдеги терс көрүнүштөрдү терең иликтеп, эртеңки күнгө сабак болор жаңылыштыктын, кошоматчылыктын, ач көздүктүн жүзүн ачууну максат кылдым. Ошондуктан, Кыргызстандын ошол учурдагы Президенти Аскар Акаевдин «чыла» иштерин төкпөй-чачпай айтып берүүнүн убагы келди окшойт. Аны кыргыз эли билүүгө акылуу.
Оболу Бирштейндин таржымалына токтололу. Ансыз, сөзүбүз супсак болуп калат. Себеби, мындай адамдын алдамчылык жоругунун таржымалы көпчүлүктүн көзүн ача турган кызыктуу фактыларга бай. Анда эмесе назар салыңыз, окурман.
Маалыматтарга караганда, Борис Бирштейн өзү Литвада туулуп-өсүптүр. 1970-жылдары Вильнюстагы текстиль фабрикасынын директору болуп иштеген экен. Ага чейин Литва ССРинин КГБсынын 5-бөлүмүндө агент катары кызмат өтөптүр. Өзүнүн кураторлорунун ишенимин актаганы үчүн Бирштейн 1977-жылдары Израилге көчүп кетүүгө уруксат алып, ал жактан ишкерлик менен алектенет. Албетте, агенттик ишмердүүлүгүн дагы чет өлкөдө улантат. 1982-жылдары Швейцария аркылуу Канадага көчүп, аталган өлкөнүн жарандыгын алыптыр. Швейцарияда «Сиабеко» фирмасын уюштуруп, Канадада, Гонконгдо филиалдарын ачат. Бирштейнди КГБнын тышкы чалгындоо кызматынын долбоору болгон деп бекеринен айтышкан эмес. Аны СССРдин тушунда КГБнын башчысы Баранников калкалап турган дешет.
Ушундан улам СССРдин курамындагы мурдагы республикалардагы сырьелорду чет өлкөгө сатууга ортомчулук кылып, ал постсоветтик өлкөлөрдөгү эле эмес, дүйнөдөгү бай адамдардын сабына кошулат. Ал мурдагы СССРдин аймагындагы өлкө башчыларынын, атайын кызматтын өкүлдөрүнүн жана кылмыш дүйнөсүнүн төбөлдөрү менен тыгыз байланышта кызматтышып максатына жетип келгенин айтышат.
Бирштейндин Цюрихтеги «Сиабеко-Групп" компаниясынын башкы кеңешчиси, советтик тышкы чалгындоонун офицери, КГБнын полковниги Леонид Веселовский менен бирге алар "Сиабеко-Групп" фирмасынын алдында жалган биргелешкен ишканаларды түзүп, КПССтин акчаларын Батышты көздөй «чууртуп» турган. "Сиабеко-Групп" фирмасы КПСС БКнын жана КГБнын алдындагы көзөмөлдөө бөлүмүүчүн тышкы соода ишмердүүлүгү менен алектенген бирден-бир соода-коммерциялык түзүм болгон. Фирманын башчысы Бирштейн КПСС БКнын иш башкармасынын, КГБнын төрагасы Крючковдун, анын орун басары Бобковдун жеке колдоосунда болгону тууралуу СССР КГБсынын мурдагы кызматкери Владимир Попов «Заговор негодяев. Записки бывшего подполковника КГБ" деген өзүнүн мемуарында кеңири баяндап берген. 2000-жылдары түшүнүксүз себептерден улам каза болгон Игорь Буничтин, «Золото партии» деген китебинде дагы КПССтин чет өлкөдөгү алтынвалюталык запасы дал ушул «Сиабеко» фирмасы аркылуу ташылганын белгилеген экен. Чынында эле Борис Бирштейн Канаданын жараны болгону менен монстр-КГБнын канатын жамынып, мурунку СССРдин өлкөлөрүндөтез эле таасирлүү бизнесменге айланыптыр. Аныгы, 90-жылдарда СССР деген империя кулаганда, анын “ити чөп жей” баштаптыр. Маселен, Молдованын Президентинин ишенимине кирип, өлкөнү толугу менен “менчиктештирүүгө” жетишкен дешет. Андагы Президент Мирча Снегур Бирштейндин “кол баласы” болгонун айтышат. Кен байлыктарга жарды ал өлкөдө эч нерсе чыкпасына көзү жеткен Борис мырза, Кыргызстанга ооп келип, Президент Аскар Акаевдин жакын досу, экономика жаатындагы башкы кеңешчиси болгону баарыбызга маалым.
Ал Акаевдин амири мененбиздин өлкөдө жайгашкан дүйнөдөгү ири кендеринин бири болгон “Кумтөр” алтын кенинканадалык компанияга берүүгөактивдүү катышканын тана албайбыз. Кийинчерээк, “легендарлуу” парламенттин депутаты Шергазы Мамбетов башкарган депутаттык комиссия “алтын чыры” боюнча Кыргызстандын Президенти менен Бирштейндин “былыктарын” чыгара баштаганда, “ишенимди актаган жок” деген шылтоо менен Акаев,аны менен болгон кызматташуусун токтотконун билдирип, жылуу-жумшак өлкөдөн чыгарып жиберген.
Бирштейн Кыргызстандан “изин” жашырып кеткенден кийин 1993-жылдары Украинада ишмердүүлүгүн улантыптыр. Премьер-министр Л.Кучманын буйругу менен АГ “Украина” деген аталыштагы мамлекеттик компания уюштуруп, ири долбоорду жүзөгө ашырууну колго алат. Өлкөдөгү ири металлургиялык компанияларжана башка экспорттук мүмкүнчүлүгүкүчтүүзаводдор концерндин курамына кирген. Ишканага болуп көрбөгөндөй жеңилдиктер берилген. Эстеп көрүңүз окурман, бул деген Кыргызстанда “Кыргызалтын” концернинин уюштуруудагы сценарийдин дал өзү. (“Кыргызалтынга” байланышкан кызыктуу фактылар тууралуу дагы сөз кылабыз.) Ошентип, Украинанын андагы Президенти Л.Кравчук менен Өкмөт башчысы Л.Кучма украин-бриштейндик долбоорун токтоосуз ишке ашырууга көзөмөлдү күчөтүп, өзгөчө колдоп турган дешет.
1993-жылы күзүндө Россияда «Руцкой-Хасбулатов козголоңу» урагансоң, Баранниковдун кишиси катары Бирштейндин «кулагы» көрүнүп, Россиядан качууга аргасыз болуптур. КПСС БКнын акчаларын Европагы ташыганы билинип калып, Россиянын ошол учурдагы Президенти Борис Ельциндин каарына калган деген да маалыматтар бар. Болбосо, ага чейин Баранников аркылуу Б.Ельцинге жолугуп АГ «Украинанын» үлгүсүндө «Рус» деген аталыштагы мамлекеттик корпорация түзүү сунушун билдирген экен. Бир сөз менен айтканда ал Россияны «менчиктештирүүгө» кечигип калыптыр.
Орус бийлиги козголоңчуларды колдогон Баранниковду камап, Бирштейнди өткөрүп берүүнү талап кыла баштаганда, Украинадан чыгып кетиптир. Айрым маалыматтарга караганда, мына ушундай себептерден улам, орус бийлиги Акаевди дагы Бирштейн менен кызматташууга тыюу салган дешет. Акаевдин «легендарлуу» парламентте «ишеничти актабады» дегени куру сөз экенине ынанууга болот.
Бирок, Бирштейн баштап кеткен тоо кен тармагы боюнча коррупциялык схеманы Акаев жакшы эле пайдаланууга жетишип калды. Канткен менен Борис Бирштейндин баскан жерине «чөп чыкпайт» окшойт. Себеби, ал бизнес долбоор катары пайдаланган Молдова, Кыргызстан, Украина өлкөлөрүндө бүгүнкү күнгө чейин саясый туруксуздук орун алып, башаламандык дале күчүндө
Кубанычбек Исабековдун «Кумтөр» акталбаган үмүттөр китебинен алынды
Булак: NazarNews.kg