www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Биз дөө-шаа мамлекеттердин ортосундагы геосаясий оюндардын таасиринде калбай мамлекетибиздин кызыкчылыгына туура келген саясат жүргүзүшүбүз керек», - деди бүгүн, 8-февралда NazarNews маалымат агенттигине экс-дипломат Азат Эркебаев.
- Азат мырза, Президент Пекиндеги кышкы олимпиадага барганы туура болдубу? Каражат коротпой эле эл учкан самолёт менен учуш керек, элдин баары мусулмандарды геноцид кылган мамлекет деп Кытайдагы олимпиаданы көрүүдөн дагы баш тартып жатса, биздин президент барып алды деп сындап жатышат. Бул боюнча кандай пикирдесиз?
- Менимче Президент С.Жапаровдун Кытайга барганы албетте туура. Ал Пекинде өтүп жаткан кышкы Олимпиаданын ачылыш аземине катышып гана келбестен, кошуна Кытай мамлекетине жумушчу иш сапары менен барды.
Оболу өлкө башчысы геноцид жана динге байланыштуу себептерден Кытайга барбашы керек эле дегенге жооп берсек. Кайсы бир өлкөдө геноцид фактылары болгонун эл аралык укуктук нормалардын, Бириккен Улуттар Уюму бекиткен Конвенциянын негизинде иликтенип, тастыкталса, тиешелүү чечим чыгарылат. Азырынча андай жок, сиз айткан маселенин чыгып калышы жыл башында бейөкмөттүк «Эл аралык имамдар кеңеши» аттуу уюмдун билдирүү таратканына дагы байланыштуу болсо керек. Бул билдирүүгө кол койду делген кээ бир имамдар, анын ичинде Орусиянын Муфтийлер кеңешинин Төрагасы Равиль Гайнуддин аны төгүндөгөн.
Негизи саясий, а бул көрүнүш да саясий негизге барып такалат, мотивдер менен тарыхта бир нече Олимпиада оюндарына бойкот же катышпоо аракеттери болгон. Айрыкча, дүйнөлүк ири державалар өздөрүнүн саясий кызыкчылыктарынын айынан уюштурчу.
Азыр да негизинен 3-4 батыш өлкөлөрүнүн аракеттерин байкасак болот. Бул жолку Пекиндеги Олимпиадага 15 мусулман өлкөлөрүнүн спортчулары катышып жатат. Ачылыш аземине мусулман дүйнөсүнүн дөө-шаа өкүлдөрү да катышты: Сауд Арабия мураскор ханзаадасы Мухаммад бен Салман, Египет президенти Абдел Фаттах ас-Сиси, Катар Эмири Тамим, Бириккен Араб Эмираттарынан Абу-Даби эмиратынын мураскор ханзаадасы Мухамад бен Заид, Пакистан премьер-министри Имран Хан, Сингапур президенти Халима Якоб, Борбордук Азиянын 5 өлкө башчылары, Азербайжандын вице-премьери Ахмедов.
Ушул фактылардын негизинде айтайын дегеним, биз башка дөө-шаа мамлекеттердин ортосундагы геосаясий оюндардын таасиринде, жетегинде калып, ээрчиме позицияга кетпей, окуялардын агымынын, өңүтүн сезип, айырмалап, өз мекенибиздин, улуттун кызыкчылыгына туура келген саясат жүргүзүшүбүз керек. Президент С.Жапаровдун Кытайга алгачкы иш сапары ушул максатта жүргүзүлдү деп ойлойм.
Ал эми учак жөнүндө айтсак, азыр пандемия заманында көптөгөн аба каттамдары жабылып, Кыргызстандан тикелей Кытайга барчусу токтогон абалда, айланма жолдор абдан эле ыңгайсыз, убакытты, ал-күчтү жейт, ортодо вирус жугузуу тобокели чоң.
Маалым болгондой биздин Ту-154 үлгүсүндөгү №1 борттун иштетүү мөөнөтү жеткен, кээ бир өлкөлөр техникалык нормаларга жооп бербейт деп киргизишпейт дагы. Мамлекет башчы башында турган расмий делегациянын коопсуздугу, бул жеке адамдын өмүрүнөн тышкары (бөөдө кырсыктан сактасын), ошол мамлекеттин даражасына, аброюна, элдин намысына да тиешелүү жагдай деп ойлойм. Бирок белгилей кетчү жери, жеке учактарды жалдаганды эске алып, кайсы бир керектүү учурларда (Глазго, Кытайга) иш сапарга ошол жекече учактар пайдаланса, чыгымы бюджеттен тышкары булактардан алынса, менимче коомчулукка ачык-айкын болгону жакшы, иш сапар өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн, пайда, натыйжа алып келип жатса, мүмкүн болсо бюджеттин эсебинен да болгонун туура көрөт элем.
Эске салсак, буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров баштаган делегация Глазго шаарындагы саммитке жеке учак жалдап барган. Анда президенттик администрация өлкөнүн биринчи адамдарын ташыган №1 борт Евробиримдиктин жана Улуу Британиянын техникалык нормаларына дал келбегендиктен, кыргыз тарапка мындай самолет менен келүү мүмкүн эместиги маалымдалган.
Сөз болуп жаткан Ту-154 учагы 1993-жылы өндүрүштөн чыккан.
Булак: NazarNews.kg