www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен, Лейлек райондорун камтыган № 1 округдан Чыңгыз Ажибаев 18.18% менен 9 миңден ашык добуш менен эң алдыңкы орунду алды. Бул жигит учурда 34 жашта. Лейлек районунда туулуп-өскөн. Кесиби боюнча юрист. Прокуратура тармагында тергөөчү болуп иштеген.
Буга дейре 2021-жылы №1 Лейлек шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Бирок акыйкатты, чындыкты айтып, эл үчүн күйгөнүн эч ким деле көргөн эмес. Анчейин белгисиз, арбөк депутаттардын бири болгон.
Эң кызыктуусу анын атасы Ильяскожо Ажибаевдин кримтөбөл Камчы Көлбаев менен түшкөн сүрөтү интернетке жарыяланып, коомчулуктун талкуусуна түшкөн. УКМКнын кылмыштуу топтон баш тарттыруу иштери жүргөн иш-чарада Ажибаевдин аты аталган жайы бар. Бирок Чыңгыз Ажибаев жакындарынын криминал менен байланышы тууралуу маалыматтарды четке каккан.
Ошону менен “Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” болуп, суудан кургак чыгышкан. Укук коргоо органдары дагы укмаксан, көрмөксөнгө салышып, “кар жаады, из басылды” кылышты.
Натыйжада, Камчы Көлбаев менен байланышы бар делип сүрөткө түшкөндөр, аламандан аласалып кетип жатышканда, бул “апааттан” эмнегедир Ажибаев “аман” чыкты. Эми минтип эл тагдырын чече турган Жогорку Кеңештин депутаты болуп, мандат алганы турат.