www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мыйзамсыз аракеттерди жасаган ар бир кызматкер жоопко тартылат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Алсак, Бишкек шаарынын Ленин РИИБге 2005-жылы туулган А.кызыА. арыз менен кайрылган. Арызында 2025-жылдын 28-ноябрында түнкү саат 23:30 чамасында Орок айылы тарапта таанышы менен унаанын ичинде отурган кезде, аларга белгисиз адам келип, өзүн милиция кызматкери катары тааныштырганы, андан соң, арыз ээсинин таанышын дүкөнгө жиберип, ал эми кызды коркутуп, психологиялык басым жасап жана күч колдонуу менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасандыгын билдирген.
Кылмыш ишинин алкагында ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан арызда көрсөтүлгөн жаран К.Ж. аттуу милиция кызматкери экендиги аныкталып, кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген.
Материалдар жана шектүү УКМКнын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.
1988-жылы туулган К.Ж. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө уланууда.
Ички иштер министрлиги өз катарындагы тартип бузган же мыйзамсыз иш-аракеттерге барган кызматкерлерди тазалоо иштерин улантууда.