www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз журтучулугуна аттын кашкасындай таанымал, Эл артисти, куудул, актёр Күмөндөр Абылов бүгүн NazarNews.kg маалымат агенттигине келип кеңири маек куруп берди. Анда кеп башынан болсун.

--Акыркы өлкөбүздө болуп өткөн окуялар: Коронавирус, Масанчидеги ызы-чуу, Ат- Башыдагы логистикалык борбор боюнча пикириңизди билсек. Кандай ойдо калдыңыз?

--Жетимге көк жөтөлдүн кереги эмне дегендей, коронавирустан, Масанчидеги ызы-чуудан Кудай өзү сактасын! Бул үч суроону бир бергениңдин да жөнү бар чыгаар... Себеби: Үч суроо бири бирине абдан тыгыз байланыштуу деп ойлойм. Ошондуктан, баарын бириктирип жооп берсем болчудай.

- Ата-Журтубузду көрүнгөндөн коргой албасак. Коргомок тургай, бири-бирибизге шылтап, кайра өзүбүз сатканын сатып, алдырганын алдырып, белекке берип олтуруп ушул күнгө келбедикпи! Деги эле Манас, Барсбек, кийинкилерден Ормон сыяктуу гана эл башындагылар жерибизге жер кошкону болбосо, дээрлик баарысы жер сатышыптыр. Сатпаганы алдырып ийишиптир же белекке кармата беришиптир. Ошол үчүн башканы койдум, кийинки эле Ташкент, Кокон, Маргалаң, Самаркан, Наманган, Анжиян, Сыр-Дарыя, Жизак, Совет-Абад, Шахимардан, Жерге-Тал, Тоолуу-Бадахшан, Мургап, Үзөңгү-Кууш, Каркыра, Уңгар-Тоо, Сох, Маданият, Аксыдагы жерлерчи, бүт алдырып ийип, тоо-тоонун башы менен айланып жүрөбүз. Кум-Төр баш болгон кендин баарын башка элдер казып жатса, чоңдордон башкалардын баары кыйналып жатса, а чоңдорубуздун жашоолорун көрүп атабыз, балдары чет мамлекетте окушат, ошол жактарда заводдору, ишканалары, кымбат-кымбат үйлөрү бар. Элди ушул жашоого алып келген мурунку чоңдордун көбү 200-300 миңден пенсия алышат. Эмне үчүн? Биздин үстүбүздөн жеп-ичип, жердин, кендин баарын сатып, элдин баарын жумушсуздукка алып келип, бүт дүйнөгө тентитип, ушул жашоого алып келгени үчүнбү? Эгер кендин баарын кыргыз өзү казганда, Кыргызстан алда качан өнүгүп, эч ким мигрант болуп ар кай жакта тентип жүрмөк эмес.

- Анан да, "Мегаком" сыяктуу мамлекеттик компаниялардын жетекчилеринин, кызматкерлеринин айлыктары 5 миң доллардан 10-15 миң долларга чейин. А, артистердин айлыгы 3 миңден, Эл артистердин айлыгы 14 миңге чейин? Бул бир гана мисал. Мындай айлык алган мамлекеттик мекемелер, чиновниктер толтура. Эмне үчүн Кум-Төрдө көк мелжиген бийик тоону тозоктун аңындай чуңкур кылганча казып, алтынын тонналап таап атсак да, өзүбүзгө эч балекет жок? Кум-Төр салып берди эле деп, жада калса бир мектеп салынган жок. Башканы айтпай эле коёюн, ошол Кум-Төрдүн өзүнө барчу жолду да жасатып алган жокпуз го? Андай болсо, эмнеге бир да кенди кыргыздар өзүбүз казбайбыз? Ажолорубуздун бири ач көз экен дейли, экинчибизге эмне болду? Үчүнчүсүчү? Ага эмне болду? Эмнеге бир дагы атка минээр элди ойлобойт? Баары эле жегиси келет, алгысы келет, жулгусу келет?... - Мен мунун баарын эмнеге айтып, каным кызып кетип атат? Эгемендүүлүк алган 29 жылдан бери чоңдорубуздун баары ушундай паракор болсо, анан аларга эл кантип ишенет? 200 процент чын айтса да кантип ишенет?... Союздун маалында Совет-Абадды, Шахимарданды өзбектерге 49 жылга берип коюшкан экен Москванын таасири менен. Кайра ала алдыкпы? Жок! Кана алсак? Анан ойлоп көрбөйлүбү, өзбек ким да, кытай ким деп?... Элди чегараны коргогула деп урушкандын ордуна, кайра чегара коргогондорду камап жатканы кандай чоңдорубуздун?... Менчик жерин кытайга арендага берип жаткан кишини кой деп, колуна кишен салып камагандын ордуна, кытайга жер бербейли деп, чогулган элге сүйүнгөндүн ордуна, кайра аларды душман көрүп жаткан атка минээрлерибизди ким десек болот? Жок дегенде, Баткен жактагы чегараны убагында тосуп алганыбызда, жерин саткандарды убагында кой деген киши болгондо, азыр чырдашпайт элек го?...

- Биз, бул түрүбүз менен, жакында өнүгө турган эмеспиз... Азыркы чоңдордон кийин-кийин, 49 жыл өткөн соң, кытайлар менен эсептешкенге ким-кимдер аман калганы жатканына башым жетпей койду. Тим эле: "Кам санаба, мен турам го!" - дегендей ишендиришет, ар бири... Чегаранын баары тосулуп, бизде жашап жаткан кытайлардын баары өз жерине кетип, кендин баарын өзүбүз казмайын оңолуунун жолуна түшпөйбүз! Жакын арада сырт жакта жүргөн мигранттарыбыз кайтып келбейт. Мына ушундай жагдайлардан улам, "Логистикалык борбордон" Ат-Башынын эли эле эмес, бүтүндөй эл баш тарттык деп эсептейм!... Анан ушундай акыбалда күн өткөрүп жаткан элге, "Коронавирустун", "Масанчидеги ызы-чуунун" кереги не? Кудайым анын бетин ары кылсын! - Андан көрө чек арадагылар, оорулуу кытайлар биртике тыйын берсе, киргизип ийишпесе экен де! - деп агынан жарылды Эл артисти Күмөндөр Абылов.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости