www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз өкмөтү коронавирус коркунучуна байланыштуу мектептерди жабуу планын азырынча караштырган жок. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова ЖМКларга билдирди. 

"Азырынча 21-марттан баштап 1-апрелге чейин каникулга чыгышат деп жатабыз. Эгер зарыл болсо улантуу жагын карайбыз. Кырдаалга жараша болот.

Ар кайсы жакка барбай, мектепке барып, санитардык-гигиеналык талаптар жана эрежелер тууралуу маалымат алып жатканы жакшы", - деди Алтынай Өмүрбекова.

Белгилей кетсек, бүгүн, 12-мартта депутат Бактыбек Турусбеков Жогорку Кеңеш жыйынында "Сактыкка кордук жок, андан Кыргызстан да четте калбашы керек. Мектеп окуучулары менен студенттер үчүн мөнөтүнөн мурдагы каникул жарыялап, алардын окуусун жай мезгилине жылдыруу зарыл", - деп билдирген.

Ал эми Билим берүү мекемелерин 15-марттан 15-апрелге чейин жаба туруу сунушун депутат Тазабек Икрамов айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости