www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 12-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында “Эсептөө палатасы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү мыйзам долбоору каралды. Көпчүлүк депутаттар аталган мыйзам долбоор толук иштелип чыккан эместигин айтып, нараазычылыгын билдиришти.

Депутат Алтынбек Сулайманов эсептөө палатасы бир эле ишти кылыш керектигин, башкача айтканда бюджеттин акчасын эле текшериш керектигин айтты.

“Бул киши айтып жатат “Эсептөө палатасы макул болгон” деп атат. Ал эми, Эсептөө палатасынын жетекчиси “биз өкмөттүн бергенин силерге алып келип жатабыз деп. Анда өкмөт президент менен парламенттин органына чабуул жасап жатат да. Өкмөттүн башка текшерүүчү органыңар жетпей жатабы? Финполицияңар, башка налог инспекцияңар...Аягында ишкерлер эле кыйналат. Элди кайра эзмей, ишкерлерге текшергич органдарын көбөйтмөйбү. Өкмөттүн башка иши жокпу? Бүгүнкү күндө силер чарба, экономиканы өнүктүрүү менен алек болбойсуңарбы, текшерүү менен эмес... Силерде азыр бардак...Ошон үчүн Жогорку Кеңеш өзүбүзгө алалы дагы...Эсептөө палата бир эле ишти кылсын. Бюджеттин акчасын текшерсин болду”,-дейт депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости