www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иран-түркмөн чек арасы жабылгандыгына байланыштуу өзбекстандык ондон ашык айдоочу 20 күндөн бери «Лютфабад» менен «Сарахс» чек ара көзөмөл өткөрмө бекетинде кармалып турушат. Бул тууралуу "Борбор Азия жаңылыктар кызматы" билдирди. 

Алар азык-түлүк жана курулуш материалдары жүктөлгөн автоунааларын таштап кете албай турушканын, акчалары түгөнгөнүн билдиришүүдө.

Айдоочулардын бири 23-февралдан бери антисанитардык шартта фурасынын кабинасында жашап жатканын айтты.

– Биз коронавирус жуктурган эмеспиз, ден соолугубуз таза. Оору жайылган жерден миң чакырым алыс аралыкта турабыз. Бизди конвой менен алып кетебиз дешсе да макулбуз. Башка өлкөлөр, ал гана эмес Түркмөнстан да өз айдоочуларын алып кетүүдө. Биз болсо отурабыз, – деди ал.

Өзбекстандын Тегерандагы элчилигинин өкүлү учурда айдоочуларды жүк ташуучу унаалары менен бирге аймактан чыгарып кетүү үчүн Иран жана Түркмөнстан бийлиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кабарлады.

​– Түркмөнстан коронавирустун жайылышынан улам чек арасын жапкан. Биз айдоочуларга транспорттук каражаттарын таштап, учак менен Өзбекстанга кайтууну сунуштаганбыз. Бирок алар макул болушкан эмес, – деди элчиликтин кызматкери.

Өзбекстандык айдоочулар 7-мартта Шавкат Мирзиёевге видеокайрылуу жолдошуп, үйлөрүнө кайтууга көмөктөшүүнү суранышкан.

Иранда коронавирус жайылгандан кийин Ооганстан, Армения, Пакистан, Ирак, Түркия жана Түркмөнстан февралдын ортосунда бул өлкө менен чек арасын жапкан. Натыйжада жалпысынан 700дөй айдоочу ара жолдо калган, алардын ичинен 11и өзбек жарандары.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости