www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдагы коронавирустун эң жогорку деңгээли артта калды. Мындай кабарды Кытайдын ден соолук боюнча комитетинин өкүлү Мин Фэн  расмий түрдө билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

“Азыркы учурда Уханды эсепке албаганда Хубэй провинциясындагы шаарлардын баарында бир жумадан бери коронавирусту жуктурган учур катталган жок. Хубэйден сырткары илдет менен жабыркаган 7 факт катталса, анын алтысы четтен келген”,-деп маалымат берген ал брифингде.

Мекеменин өкүлү барган сайын бейтаптардын саны азайып жатканын кошумчалады.

“Бейтаптарды дарылоону, алдын алуу иштерин жүргүзүү ушул тапта биринчи орунда турат. Биз кыраакылыгыбызды жоготпошубуз керек”,-деп сөзүн жыйынтыктаган Мин Фэн.

Эске сала кетсек, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму аталган илдет боюнча дүйнө пандемиясын жарыялаган. Уюмдун жетекчиси Тедрос Адханом: "Жакынкы күндөрү коронавирусту жуктуруп алгандар жана андан ажал тапкандар дагы көбөйүшү ыктымал", - деп эскерткен.

Белгилей кетсек, пандемия (грек тилинен πανδημία — бүтүндөй эл) — жугуштуу оорулардын бир же бир нече өлкөнүн, континенттин калкына массалык түрдө таралышы менен мүнөздөлгөн эпидемия.

12-марттагы маалыматка ылайык, дүйнө жүзү боюнча жаңы типтеги коронавирусту 125 миңден ашык адам жуктуруп, анын көбү сакайган (65 762). Ал эми каза тапкандардын саны  5 миңге чукулдаган.

Илдет көп катталган өлкөлөр Кытай, Италия, Иран, Түштүк Корея жана Франция болууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости