www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустан сакайгандардын саны боюнча Иран экинчи орунга чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюмдун берген маалыматына таянып жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 12-мартка чейин коронавирустан дүйнө жүзү боюнча 126 миң 93 адам жабыркаган. Алардын ичинен 68 миң 211и сакайса, 4616 адам көз жумган.

Ал эми вирустун очогуна айланган Кытайда коронавирустан 80 миң 929 адам жабыркаса, 62 миң 298 адам оорудан айыгып, 3169 адам каза болду.

Италияда вирус жуктуруп алгандардын саны - 12 миң 462ге жетсе, каза болгондордун саны - 827, ал эми сакайгандардын саны – 1045ти түзүп, бул көрсөткүч менен Италия вирустун экинчи очогу бойдон калууда.

Иранда вирус жуктургандардын саны - 9 миң болсо, каза болгондордун саны - 354. Ал эми сакайгандардын саны 2959  адамды түзүп, вирустан айыккандардын саны боюнча дүйнөдө экинчи орунга чыкты. Ал эми Түштүк Кореяда 7 миң 755 адам жабыркап, 60 жаран каза болду.

Белгилей кетсек, Кытайдын Ухань шаарынан тараган коронавирус 3 ай аралыгында эле 1015 тен ашык мамлекетке жайылып кетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости