www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Арменияда өтүп жаткан ЕАЭБтин жыйынында сельфиге түшкөн мамлекет башчылары «Дүйнөнү ким эмнеси менен таң калтырат» деген конкурс өткөрүп калат.
-Дүйнөнүн оозун ачырып, борбор калаабызды тез арада куруп, саммит, олимпиадаларды өткөзүп жатабыз.-деген Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев үчүнчү орунду алыптыр.
-Дүйнөнүн оозун ачырып, экономикадан чоң секирик жасап жатабыз.- деген Армениянын премьер-министри Николай Пашинян экинчи орунга чыгат.
-Дүйнөнүн оозун ачырып, карызка баткан экономикабызды тез эле кылдан камыр сууругандай сууруп алдык.-деген Молдованын президенти Игорь Додон биринчи орунга татыктуу болот.
-Дүйнөнүн оозун ачырып, кайрадан дагы революция болуп кетеби деп чоочуйм. - деген Кыргызстандын башчысы Сооронбай Жээнбековго Гран-прини ыйгарышыптыр.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg