www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмаз иним, арыба.

Оозум бар деп эле ойкуштатып ойкелди чое берсе боло берет экен да таңгөрү.. Раим акаң каналды сатып алганы же жоктугун,.. эгер кааласаң бу каналга келип иштеп, айлыкты өз колуң менен алып, кол коюп жатканда өзүң шектенип жаткан "көмүскө жыт" каяктан чыгып жатканын байкап көр. Өзүң иштеп кеткен "Азаттыкка" эмгеги сиңген Нарын Айып, Шайырбек Эркин, Эльнура Алканова деген сага өз тааныш, көз тааныш кишилер бир жылга чукул ушул каналда иштеп жатышат. Ошолор ай соңунда мээнет акысын кайсы булактан алып жатканын тыкыр иликтеп, кокус баягы "көмүскө жытты" байкап калсаң, мага айт, чокуу бакыралы "мобулардын уяты жок экен, Раимден акча алып атышат" деп, түкүрүп басып кетели чогуу. Жаңылыктарды тейлеп аткан экс-азаттыкчы Шайыр акеңе суроо бер "неге Раимге көмүскө иштеп атасың!" деп, экс-азаттыкчы Нарын агаңа собол сал "сиз да Раимге көмүскө иштеп атасызбы, ыя?!" деп. экс-азаттыкчы Эльнура Алкановага айт "..жанагы Азаттык менен таймашкан факт-чекинг деген оокатыңа Раим төлөп берген окшойт..ыя!" деп. Анан үчөөнү тең чогултуп алып: "Эрнис деген киши силерге мобуну бер, мобуну бербе деп тыйып-буйруп аткан жокпу" деп сура. Өтө илхомуң ашып баратса, "Раимдин былыктары" деген автордук иликтөөчү көрсөтүү ачып, ошону алып бар, баланстуу кылып бүт тараптардан маек алып билген-сезген "чындыгыңды" эфир аркылуу элге угуз. Жакында экс-азаттыкчы Эсенбай Нурушевдин кыргыз тили тууралуу долбоору чыгат, ал мээнетине гонорар кай булактан берилээрин да иликтөө жасап, байкаганыңды эл-журтка айтып, деп "Эсенбай Нурушев да Раимге сатылыптыр же сатылбаптыр.." деп айтып чыга көр.

Анан,... "...каналды Раим сатып алабы..." "көмүскө иштеп атат..." деп бөөсүпсүң,.. 2010-жылы ыңкылап болгондо убактылуу бийликтеги Алмаз акаң баш болгон "убактылуу өкмөтчүлөр" "урааа!! улутташтыралы!!" деп улутташтырылып салган мүлк "парламенттик" деп аталганы менен, Малеваная баш болгон жамааттын тушунан бери 80 млн.дон ашуун карыз кылып салган экен,.. парламент өз чөнтөгүнөн жанагынча пулду төлөй албай, өкмөткө түртүп "бу каналдын тагдырын өзүңөр чечкиле.." дегенден бери өкмөт ойлонуп эле келатат. Сатса сатаар,...же өз балансына эле алып тээ бөтөн өлкөнүн РТР, Первый каналына төлөп берип аткандай пулдан бу каналга да бөлөөр... Же балким парламент менен кеңешип, сатса сатаар... Раимге сатабы, Алмазга сатабы...Эшмат менен Ташматкабы өкмөттүн ошондой ою болсо, ал сунушун парламенттин астына алып келет, анан ал жерде сен билген экс-азаттыкчылар Жанар Акаев, Аида Касмалиева деген кишилер бар, алар "Раимге сатылсын дейби....же Алмаз эле сатып алсын" дейби...же өкмөткө калтырылсын деп добуш беришеби.... баарын чогуу-чаран байкап көрөбүз да, иничек.

Биз, сен экөөбүз эми-ии... чыгармачыл адамдарбыз иним, мактана турган өнөрүбүз, талантыбыз, чымын-гөгөнүбүз, анан...элге сыр бербей эфирге чыкканда тагына койчу арзан галстугубуз жана калыстыгыбыз эле бар. Раимдер менен Алмаздар чабышканда чабышып, табышканда табышып, анысын "бул..эми саясат да.." деп кучакташып тарап кеткен доорлор көп эле болгон илгери өткөн замандарда. Ошон үчүн божомолдогондо да жөн эле божомолдоп урдурбай, айланииип өткүзүп, тиер-тиймексен кылып кайытып жылжыта бербей, Бешинчи каналга чооң-чоооң аттап басып келип, мурунку азаттыкчылар Шайыр акең, Нарын агаң, Эльнурага жолугуп "эй...не болуп атасыңар өзү, Раим силерге дем салып...дуалап койгон жокпу?" деп түз суроо берип, түз жооп алып кетсең болот.

Бар бол, "алмаздардын" ичинен башкача алмазы - Алимбаев Алмаз иним!-деп жазган Эрнис Кыязов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости