www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Altysha Lv аттуу Фейсбук колдонуучу карыган кемпир ушул суукта көчөдө жашап жатыптыр деп жазып чыкты. Анын жазганына караганда, ал кемпирдин үйүн сот конфискация кылып, алып койгон.

Төмөндө колдонуучунун жазгандарын толук беребиз:

“Жашооң бир тыйын эгер карыган энең ушундай суукта түндөсү көчөдө жашаса...
Достор! Азыр,мен Фучик-Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги шлагбаумдагы отургучта 3 күндөн бери жашап аткан энени көрүп каңырыгым түтөп отурам...
Жардам берейин десем такыр жолотпой койду. Эч кимге,угуп атасыңарбы,эч кимге ишенбей калыптыр. Жашоодон түңүлүп, көздөрүндө туңгуюк,белгисиздик...
Атамбаевтин убагында баласын драм театрдын актрисасын өлтүрдү деп 20 жылга кесип жибериптир. Жээнбеков гана жардам берет дейт. Баласы 4 жыл СИЗОдо отуруптур, эки жылдан бери Петровкадагы түрмөдө экен. Ошол шлагбаумдан күн сайын Петровкага баласын көрүү үчүн барат деп тегеректеги дүкөндө соодада иштегендер айтышты. Ак-Босогодогу үйүн баласы камалганда конфискация деп өкмөт алып койгон экен. Ошондон бери көчөдө жашап атыптыр. Энеге кантип жардам беребиз? Ленин райондук акимиаттын жетекчилигине чалдым дароо эле. Биринчи май районуна карайт,алардын социалдык кызматкерлерин жөнөтөм деп убада беришти. Балам ал актрисаны өмүрүндө көргөн эмес деп ыйласа жүрөгүм канады. Ушундай суукта көчөдө калган энени же үйүмө алып келе албадым,анткени үйүм кичинекей,батпайт.Карылар үйүнө алып барышсын десем, барбайм дейт. Не кылышты билбей калдым. Жардам береличи. Жөн эле бөлүшүп,"байкуш" деп кала бербей чындык үчүн кыймылдайлычы”, -деп жазган ал.

Мындан улам, биз мындан 6 жыл мурунку окуяны эске түшүрдүк. 2013-жылдын 30-ноябрында эрте менен Бишкек шаарындагы У.Салиеванын эстелигинин жанынан катуу сабалган европа улутундагы аял табылган. Бирок ал эсине келе албай 1-декабрда көз жумган болчу. Тергөө иштеринин негизинде маркум Орус драма театрынын актрисасы 50 жаштагы Оксана Гоголь экендиги аныкталган.

10 күндөн кийин аны өлтүргөн деген шек менен Бишкек шаарынын Ак-Босого жаңы конушунун 50 жаштагы тургуну Б.Михаил кармалган болчу. Маалыматка караганда, кылмышка шектүү мурда үч ирет соттолгон. Ал Бишкек шаарында көчө шыпыргыч болуп иштечү.

Мындан улам, бул аял актрисаны өлтүрдү деп кармалган Михаилдин апасы окшойт деп ойлоп калдык. Бирок, эмне үчүн апасынын үйүн конфискация кылганына түшүнгөн жокпуз.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости