www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев президент кезде сөз эркиндигин сындырып, көптөгөн журналисттерди сотко суракка чакыртып, соттоп, үй-мүлкүн конфискациялап, ит абийирин кетирип жаткан учурда, оозуна талкан куюп алгансып Атамбаевдин СДПКсы ооз ачкан эмес. Эми Батукаевдин иши жана Кой-Ташты адамдын канына бойогону үчүн убактылуу камакта жатып,тергөөдө суралып жаткан Алмазбек Атамбаевдин Кыргызстан социал-демократиялык партиясы "Азаттыкты" коргоого чакырды. Арийне, Атамбаев президент болуп турган учурунда   социал-демократиялык партиясы менен бирдикте “Азаттыкты” дайыма коргоп, ал эмес анын директору Венера Жуматаевага айына 10 миңден 15 миң долларга чейин «айлык акы» берип турганы айтылууда. Ал эмес Венера Жуматаевага Алмазбек Атамбаев убагында Бишкек шаарынан баасы 350-400 миң АКШ долларын чапчыган хансарай белек кылганы, аны Венера айым уулу Эрмек Жуматаевге каттатып койгону тууралуу маалымат булактары жазып чыккан.

Дагы бир маалымат булактарында Венера Жуматаеванын аппак моймолжуган кекиртегин кээ бир убакта Албек Ибраимов жетектеген “Манас” аэропорту майлап турганы да маалымат булактарында байма-бай айтылууда. Ошол Албек Ибраимовдун алкымынан ”Манас” аэропортунан 5 миллион доллар шар эле өтүп кеткен. Албек Ибраимовду “Манас” аэропорту менен коргогон Венера Жуматаеванын бул акчага тиешеси барбы же жокпу, аны АКШ Конгресси менен тергөөчү органдар билер.

 “Азаттык” үн алгысынын мурунку кызматкери Элнура Алканованын айтуусунда: “Манас” аэропортунун айланасында болуп жаткан  “киргил схемаларды”, “Манас” аэропортунун ал кездеги жетекчиси Албек Ибраимовдун кызыктуу бизнестерин каза баштаганда, балким ошол жерди “аштоо” кылып алганбы Венера Жуматаева аны кызматынан алат. “Кыңыр иш кырк жылда” дейт, ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевге таянып чалчаңдап, элдин эмгегин бекер жеп жаткан Албек Ибраимовдун миллиондорду ашап жүргөндөрүнүн бети ачылды.

 Ошол эле Венера Жуматаева апыртып-жабыртып жаткан жалаа, кычып барып жок болору белгилүү. Анын айтуусунда “Азаттыктын” операторунун сабап, аппаратураларын тартып алган. Бул жалган окуяга тынчсыздануусун билдирип, муну сөз эркиндигине каршы сокку катары баалап жаткандар бар. Мындай билдирүүнү Атамбаевдин СДПКсынын басма сөз кызматы 2-октябрда таратты.

"Биз жабыркаган оператор Айбек Кулчумановго жана журналист Ыдырыс Исаковго каршы каралоону токтотууну бийликтен талап кылабыз", - деп жазылат билдирүүдө.

Партия Жогорку Кеңештин комитеттери, саясий партиялар бул жаатта сөз айтпаганын сындап, "Азаттыкты" гана эмес, "Апрель" телеканалын да коргоо зарылдыгын белгиледи. СДПК кыйын болсо эмнеге Атамбаевдин убагында “Сентябрь” каналын жаап салганда унчуккан эмес?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости