www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2010-2011-жылдары Убактылуу өкмөттүн тушунда Экономика министри болуп иштеген ишкер Эмил Уметалиев Аскер прокуратурасына сурак берип чыкты. Ал бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Айтымында, сурак тез жана жаңы көйгөйлөрсүз аяктаган. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн эмне үчүн чакырылганын айта албайм дегени менен, ал 2010-жылы министр болуп иштеген учурдагы иштерге байланыштуу чакырылганын билдирди.

Эске салсак, кечээ ал бүгүн Аскер прокуратурасына суракка барам деп жазган болчу. Чакыруу баракчасындагы маалыматка караганда, ишкерге Аскер прокуратурасынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсүнүн атынан келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости