www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Скобеев СИЗОго киргизилди

Өкмөттүн аппаратынын коопсуздук жана коргонуу боюнча бөлүмдүн башчысы Егор Скобеев УКМКнын СИЗОсуна которулду.

Эске салсак, өкмөттүн аппаратынын коопсуздук жана коргонуу боюнча бөлүмдүн башчысы Егор Скобеев 22-сентябрда Аскер прокуратурасы тарабынан камакка алынган. Бирок, Е. Скобеевди кармаган учурда ал жүрөгүнөн инфаркт алып, дароо ооруканага жөнөтүлгөн.

Буга чейин Атамбаев тарабынан россиялык криминал, коомчулукка “Решала” каймана аты менен белгилүү болгон Максим Каганскойго жана анын Анастасия аттуу аялына белекке берилген 3 тапанча тууралуу кылмыш иши козголуп, ошонун негизинде Скобеев да кармалган. Тапанчаларды белекке берүү боюнча чечимге Атамбаев премьер-министр убагында кол койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости