www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2-октябрда парламенттин пленардык жыйыны, «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзамдын долбоору экинчи окууда талкуулашты. Аны Жогорку Кеңештин “Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети” демилгелеп чыккан.

Албетте, талкулоо учурунда түшүнүксүз жагдайлар орун алды. Карама-каршы пикирлер айтылды.

Депутаттардын мыйзам долбоордо тапкан каталары;

  1. Демилгечи Комитеттин төрайымы Гулкан Молдобекова, профсоюз федерация президенти Мирбек Асанакуновдун аялы болгону күмөн жаратат.
  2. Мыйзамдагы 65 жаштык чектөө туура эмес. Профсоюз коомдук уюум болгондуктан депутаттардын ага чектөө киргизиши, өлкөнүн башкы мыйзамына карама-каршы келет. Профсоюздагы кызмат орундарга дайындалбайт, шайланат.
  3. Коомдук уюум бизнести текшергени логикага сыйбайт. Эртеңки күнүн ойлогон депутаттар чыкты.
  4. Менчиктештирүү беренеси бул юридикалык катачылык. Бул термин, “мамлекеттик менчикти жеке менчикке сатуу” дегенди түшүндүрөт. Ал эми профсоюздун мүлкү ал жеке менчикке кирет.

Мына ушундай калпыстык менен бышпай калган мыйзамды, бышыруу үчүн аны депутаттар кайра биринчи окууга кайтарууну чечишти. Ошентип 61 добуш менен жактырылды. Мындан улам, демилгечилердин бири депутат Кожобек Рыспаев, “мыйзам каникулга чейин талкууланып башталган. Аларга катышпай туруп, бүгүн кайра кайтаралы дегениңер туура эмес” деп таарынычын билдирип алды. Айтымында кошумча эч нерсе ойлонуп табылган эмес. Болгону финансылык ачыктык болуусун көздөшкөн.

  • Отчеттуулук болсун, 65 жашка чейин чектелсин жана шайлоо жолу туура болсун деп жатабыз. Бүгүнкү күнү 29 профсоюздун жетекчилер федерация президентине ишенбөөчүлүк көргөзүп туруп иштен алып койгонго толук укугу бар. Мына ошонун негизинде баары бирдей укуктуу болсун, чогулуп маселени чогу чечсин. А булар болсо ырбатып, тереңдетип кетип бара жатышат. Буга чычалабаш керек. Мына мен айтып койоюун урматтуу депутаттар, эгерде комиссиянын жыйынтыгы бүтсө, булардын иши боюнча прократура ж.б. органдарга бериш керек. Себеби, канчалаган мүлктөр, жерлер кантип сатылып кеткен? Айлыктары канча жана вознограждение, премияларды кантип бөлүшкөн? Мунун баарын мен “докажу”. деп тармактык профсоюздун жетекчилерине демилгечи депутат опурулуп алганга чейин барды.

Ал эми федерация президентине эч кандай укук берилбегенин белгилеген Рыспаев, “ал чогу чечели деп атат” деп учурдагы профсоюздардын башчысы Мирбек Асанакуновду кандайдыр бир деңгээлде актаганга дагы аракет көргөнүн байкоого болот. Анын белгилөөсүндө, депутаттар эски мыйзамды окуп алып адашып жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости