www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews маалымат агенттиги Азимбек Бекназаров менен АКШнын мурдагы кыргыз аткаминерлерине жарыялаган кара тизмеси боюнча баарлаштык.
- Азимбек Анаркулович, АКШ мурдагы кыргыз аткаминери Раимбек Матраимовду “Магнитский” тизмесине деп аталган “кара тизмеге” кошту. Алардын бул аракети эмнени билдирет?
- АКШнын, анын ичинде анын Кыргызстандагы элчисинин Кыргызстандын конкреттүү жаранына, тактап айтканда тергөөдөгү Матраимовго байланыштуу аракеттери, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө шек келтирет. Тергөөгө басым көрсөткөндүк болуп эсептелет. Алардын кара тизмесине Россиянын чиновниктеринин жарымынан көбү киргизилген. АКШ өз кызыкчылыгы үчүн андайларды жасай берет. Аларга «пасты» өзүбүздүн батышчыл саясатчылар берип жатышат. Кеп Матраимовдо эмес, кеп Кыргызстандын эгемендүү тергөө, сот аракеттерин жүргүзүүдө болуш керек. Кызыгы, АКШдагы биздин тергөө органдары да, батышчыл саясатчылар дагы «солдат». Матраимовду жалгыз айтышат да, анын «генералдарын» эч качан айтышпайт...
- Вашингтондун мындай чечиминин кыргыз-америка алакасына таасири кандай тийиши мүмкүнбү?
- Атамбаевдин мезгилиндеги кыргыз-америка алакасы сакталат го, эмне дегенде АКШ Кыргызстандын ички саясатына, эми тергөө, сот иштерине ачыктан-ачык кийлигишүүнү күндөн-күнгө күчтөнтүүдө. Себеби, 2020-жылдын октябрындагы жараксыз деп таанылган парламенттик шайлоодо, «проамерикалыктар» делгендер «покко» жарабай калышты. Мындан алар тыянак чыгарууда. Ал эми Кыргызстан болсо азырынча Россия менен көп маселелерде дагы деле өнөктөш.
- АКШ кара тизмеси менен кыргыз бийлигине жемкорлук менен күрөшүүгө салым кошууну максат кылып жатабы же башка максатты көздөп жатышабы?
- АКШ эч качан Кыргызстанга жардам берүүнү ойлобойт. Анын жардамы ар дайым АКШнын өзүнүн жеке кызыкчылыгынан келип чыгат. АКШнын Борбордук Азияда жүргүзө турган кызыкчылыгы өтө көп. Алар аны саясый жактан туруксуз, экономикасы алсыз, бийлиги коррупцияланган, азыр өткөөл мезгилде анархиялык сезим менен жашап жаткан Кыргызстан аркылуу ишке ашырууну көздөп келген жана көздөйт. Борбордук Азиядагы башка Республикаларда алар үчүн биздикиндей ыңгайлуу шарттар жок. Алар Кыргызстандын азыркы бийлик ээлери Жапаров-Ташиев тандемине каршы, парламенттеги партиялык-мафиялык системаны сактап калуу шылтоосу менен (партиялык тизмени) айрым батышчыл депутаттар, саясатчылар аркылуу күнү-түнү активдүү иш жүргүзүп жатат. Матраимовду «кара тизмеге» киргизүүнүн өзү парламентке батышчыл көз караштагы партиялар менен депутаттарды алып келүүнүн камын жеп жатканы. Жапаровдун реформаларына каршы «чок басып алгандай секирип» жаткандар үчүн, жакында боло турган парламенттик шайлоодо Матраимов жана анын тарапташтары күчтүү конкурент бойдон калууда. Анткени, матраимовчулар батышчылдарга караганда, мекенчилдерге жакын.
Булак: NazarNews.kg