www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Навои облусунун Хатырчин районунда жергиликтүү бийликти сотко берген фермердин сөөгү арыктын жээгинде табылды. Ал иштетип жүргөн айдоо жердин ижара мөөнөтүн токтотуу тууралуу район башчысынын чечими боюнча доо арыз жазган.

Өзбек басылмаларынын маалыматына ылайык, фермердин сөөгү өткөн айдын башында арыктан табылган. Бул маалыматты өлкөнүн Башкы прокуратурасынын басма сөз катчысы Хаёт Шамсутдинов ырастады.

Ошондой эле Башкы прокуратуранын өкүлү бул иш боюнча тергөө башталганын, ошол эле маалда кылмыш ишин козгобоо чечими кабыл алынганын билдирди. Анын айтымында, соттук-медициналык экспертиза фермер тумчугуп өлгөн деген жыйынтык чыгарган.

Шамсутдинов бирок маркумдун туугандары күмөн санап жаткандыктан, кийинчерээк кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими кайра жокко чыгарылганын кошумчалады. Учурда тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости