www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Элчи, А.Бекназаров Матраимовдун ишинин кыскартылышы боюнча пикирин билдирди.
--"УКМК юридикалык жактан башкача чечимге келүүгө шансы жок болчу. Анын «арам акчаларды адалдаштыруу же сыртка чыгаруусу» боюнча экинчи иши Матраимовдун жеке душмандары менен батышчылардын биргелешкен аракеттеринин басымы менен эле коомчулукту сооротуу үчүн козголгону, кичине мыйзамды түшүнгөн кишиге көрүнүп эле турган. Кайсы өлкөгө канча акча чыгарганын далилдөө азыркы заманда абдан кыйын. Айрым өлкөлөрдөн кат алуу менен бүтөт.
Матраимовго Жээнбековдун президент болуудагы кошкон «бөтөнчө салымы» үчүн, Жээнбековдун душмандары Матраимовду Кыргызстандагы №1-коррупционер кылып көрсөтүү, аны өздөрүнөн бөлүп, Жээнбековго жабыштыруу саясаты ушунчалык митаамчылык менен жүрүгүзүлдү. Алардын бул аракети текке кетпеди, айрым ММКлар, алардын журналистери аркылуу Матраимов АКШнын кара тизмесине кирген биринчи кыргыз болду. Зоболосу көтөрүлдү! Аны канчалык «коррупционер» деп карапайым элдин кулагына күндө куйбасын, анча-мынча коррупция эмне деген кылмыш экенин түшүнгөн адамдар, бул болгону митаамчылык, арамза саясат экенин түшүнүп турушту. Матраимов коррупционер болуш үчүн, мамлекеттик кызматта жүргөндө, мамлекетке же коомго, кимдир бирөөгө оор зыян келтирген кылмышты, кылмыштуу топ менен кызматта туруп жасашы керек эле. Андайды эч ким айткан жок, арыз түшкөн жок, жабырлануучу болгон эмес, зыян кимге келтирилгенин эч ким билдирген эмес.
«Атамбаев, Кулматовдорду кошо тартпайсыңарбы?» - деген жалгыз мен болдум окшойт. Аларды же Жээнбековду эч ким ага кошо алган жок. Мыйзамсыз байыганы боюнча ал жазасын алды, бирок кандай жол менен байыганын тергөө далилдей алган жок. Болгону акыркы 5 жылдык Декларациясы боюнча айыпка жыкты. АКШнын денгээлинде аны каралоо иштери жылдап жүргүзүлсө да, ал чынында сынган жок. Анын биринчиси бийликке ким келбесин аны менен иштеше билээрин, бийликтин тилин табаарын, экинчиси карапайым элге кайрымдуулук көрсөтүүсүн, үчүнчүсү өзүнө каршы аракеттенген саясый партия, саясатчыларды шайлоодо жеңүү үчүн, акчасын аябастыгын. 2017-жылкы президенттик шайлоодон берки бардык шайлоолордо ал мурда бай аталып келген саясатчыларды, алардын партияларын жеңип келүүсүн токтото элек.
Болгон кетирген кемчилиги «чимкириктер» менен чоң саясый компанияга аралашып, аягында жалгыз калып калды. Анын акчасына президент, депутат, министр ж.б. болгондор ачыктан ачык коомчулукка ал тууралуу жакшы сөз айтып койгондон коркушат. Ага кошулуп коррупционер болуп калам деп ойлошот бечаралар. Бирок мезгил, жогорку сыноолор Матраимов үчүн чоң мектеп болду, эмки шайлоолордо адашпайт го деген ой келет.
Матраимов эмне үчүн көп саясатчылар, саясый күчтөр айрыкча батышчыл айрым НПОлор үчүн дагы деле коркунучтуу бойдон калууда. Себеби ал өлкөгө, жарандарга зыян келтирбей туруп, заманбап мыйзамсыз акча табууну мыкты өздөштүргөн жана аны батышчыл партияларга, инсандарга атаандаш боло алган күчтөрдү уюштурууга, түзүүгө жумшаары менен коркунучтуу. Анын башкы «күнөөсү» ушул. Анын чет элдик ишкер, бизнесмендер менен түзгөн контрабандалык схемаларынын Кыргызстанга зыянынан пайдасы көп болгондугунун, бүгүнкү Кыргызстандагы кымбатчылык далилдеп турат... Дүйнө жүзүндөгү бардык бай өлкөлөргө өлкөсүнө, элине зыянын тийгизбей туруп, көмүскө товар, акча жүргүзүүнү кесип кылышкан бай миллионерлер абдан көп. Ошолордун жардамы менен Өкмөтү өлкөдөгү кымбатчылыкты жөнгө салышат... Бизде бул коомго жат көрүнүш катары эсептелет", - деди Малайзиянын Кыргызстандагы элчиси Азимбек Бекназаров.
Булак: NazarNews.kg