www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү күндө элибиздин укук коргоо жана сот органдарына болгон ишеними өтө эле азайып кетти. Мунун себеби: укук коргоо жана сот органдарынын кээ бир кызматкерлери өздөрү дагы коррупцияга аралашып кетишкендиги, мыйзамды коргоонун ордуна кайра өздөрү биле туруп мыйзамды бузуп жатышкандыгы.

Элдин ишенимин кайтаруу үчүн укук коргоо жана сот органдарына талапты күчөтүү керек!

Урматтуу Президент Садыр Нургожоевич, менин сизге сунушум: эгерде Прокуратура, сот, ИИМ, УКМК ж.б. укук коргоо тармагында иштеген кызматкерлер өздөрү мыйзам бузууга жана кылмыш жасоого барса, анда аларга Кылмыш-жаза Кодексинде көрсөтүлгөн жоопкерчиликтен 2 эсе күчөтүлгөн жазага тартылышы керек.

Мисалы; башка бир мамлекеттик кызматкер пара талап кылганы үчүн 5 жылга эркинен ажыратылса, сот жана күч органдарынын кызматкерлери пара талап кылганы үчүн ошол эле берене менен 10 жылга эркинен ажыратылышы керек!

Анткени, мыйзамды коргоонун ордуна өздөрү баш болуп мыйзамды бузуп, кылмышка барып жатышкандыгы үчүн буларды 2 эсе катуу жаза менен коркутуу аркылуу жоопкерчилигин күчөтүүгө болот деп ойлойм. Ошондо укук коргоо органдары өздөрү кылмышка аралашпай, таза иштеп калышмак!

Алмазбек Сардеков, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости