www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Саясий туруксуздук экономикага таасирин тийгизди”, - деди NazarNews маалымат агенттигине экономика боюнча серепчи Искендер Шаршеев.

--“Дүйнөнү каптаган пандемия кыргыздын багы жакшы ачыла элек экономикасын ого бетер орго түрттү. Чек аралардын жабылышы, ишкердикке болгон тоскоолдук, саясий туруксуздук, доллардын туруксуздугу жана башка көйгөйлөр коштоду. 2020-жылдын башында өлкөнүн экономикалык абалы, дарамети кыйла жакшы болчу. Март айынын соңунан өлкөгө карантиндик режим кирип, импорт, экспорт, соода, тейлөө тармактары, базарлар толугу менен жабылды. Арадан төрт ай өткөндөн кийин гана баары акырындан калыбына келе баштаган. Бирок экономикалык абал дароо жакшырып кетпеди. Эл аралык каттамдар, чек арадан өтүүлөрдөгү чектөөлөр баары бир чоң таасирин берди. Ошентип былтыр ички дүң өндүрүм 7,5 %га пайызга төмөндөдү”, - дейт серепчи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости