www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азиз Турсунбаев Өзбекстанга кандай максатта барат?

Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга расмий иш сапарында депутаттардан жалгыз Азиз Турсунбаев барган эле.

Жөн жерден эмес да. Маселен, эки мамлекеттин мамилесин жакшыртуу, инвестиция тартуу, бизнести өнүктүрүү боюнча каарманыбыздын демилгеси арбын. Бул жааттан алкоого аларлык сунуштар башталууда...

Дагы бир жаңылыкка келсек, 23-24-25- октябрь күндөрү Азиз Турсунбаев Өзбекстанга атайын чакыруу менен бармакчы. Президенттик шайлоого байкоочу, бир эсе колдоочу катары сый көрүп, ошого катар элибиздин кызыкчылыгына жараша алгылыктуу долбоорлорду аркалай турганын эшиттик.

Мартабалуу өзбек туугандар Азиз мырзаны жогорку деңгээлде баалашары анык. Эки элдин ынтымагы, достугу үчүн жаңы демдеги кызматташуулардын жанданып атканы кубантат. Эмесе, бул боюнча учуру келгенде кабарламакчыбыз.

Булак: Азия News гезити

Последние новости