www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Аял өз үйүндө чоң леопардга жем боло жаздады

Индияда өз үйүнүн короосунда отурган аялга кабылан кол салды. Улгайган айым колундагы таягы менен жырткычты бир чапкан.

Леопарддын секирген учуру видеокамерага тартылып калган. Жүрөк үшүн алган видеону Times of India басылмасы жарыялады.

Окуя Индиянын Мумбаи шаарынын токойго жакын аймагында болгон. Өз үйүнүн короосунда отурган 55 жаштагы Нирмаладеви Сингхге кабылан кол салган.

Кадрдан сейилдеп чыккан аялды жырткыч артынан байкатпай аңдып күтүп отурганын көрүүгө болот. Бир аздан соң ал бейкапар бараткан адамга секирген.

Аял таянып жүргөн таягы менен жапайы мышыкты башка чапкан. Кыйкырыктан улам үйдөгүлөр жардамга чыгышкан. Бул учурда кабылан качып кетүүгө үлгүргөн.

Токой чарбасы департаментинин өкүлү Гаджанана Хайранын айтымында, аялдын денесиндеги тырмактын издерине караганда ага бир топ эле чоң леопард кол салган. Ал кошумчалагандай, бул акыркы бир нече айда айбан адамга тиш салган экинчи окуя. Департамент кол салган жырткычтын санын билүү үчүн атайын камераларды орноткон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости