www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Орусиядан электр энергиясын сатып алат

Бишкек Орусиядан 2-3 млрд. кВт саат электр энергиясын алуу үчүн сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев билдирди.

Анын айтымында Токтогулда суу төрт жылдан бери кескин азайып кеткен.

«Орусиядан Казакстан аркылуу 2-3 млрд. кВт саат электр энергиясын алууну сүйлөшүп жатабыз. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Түркмөнстандан 2 млрд. кВт саат электр энергиясын алуу үчүн сүйлөшүү болгон. Учурда алгачкы партиясы Өзбекстан аркылуу келе баштады», - деди Аалиев.

Ал сырттан импорттолгон электр энергиясынын баасында айырма болбой турганын да кошумчалады. Энергетикалык таңкыстыктын алдын алуу үчүн ишкана-мекемелердин электр энергиясын пайдалануусун чектөө - аргасыз иш болуп жатканын айтты.

Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан электр энергиясында жетишсиздик жаралууда. Энергетикалык коопсуздукту камсыздоо максатында быйыл август-декабрь айларында Түркмөнстандан 501,9 млн. кВт/саат электр энергиясын сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн. Кыргыз өкмөтү мындан тышкары кышкы жылуулук сезонунда Казакстандан да кошумча электр энергиясын алып келет.

Учурда өкмөт Тажикстандан да кошумча электр энергиясын алып жатканы маалым болду. Энергетика министрлигинин 1-октябрда кабарлашынча, күн сайын өлкөнүн түштүк аймагына млн. кВт сааттан электр энергиясы сатып алынууда.

«Улуттук энергохолдинг» ишканасы электр энергиясын үнөмдөө максатында көчөдөгү көрнөк-жарнактардын, кафе-ресторан, дүкөн жана башка оюн-зоок, соода борборлорунун жарнактык жарыктарын өчүрүү тууралуу буйрук чыгарган. Буйрукка мекеменин башчысынын орун басары Замирбек Кожомамбетов 27-сентябрда кол койгон. Аймактардагы бөлүштүрүүчү компанияларга таңга жуук жана кечкисин кыдырып, электр энергиясын үнөмдөөнү көзөмөлдөө боюнча тапшырма берилген.

Энергетика министрлиги 15-октябрдан тартып коммерциялык ишканалар үчүн электр энергиясынын баасы көтөрүлө турганын 1-октябрда билдирди. Ага ылайык, жаңы тарифтик саясат алкагында эл үчүн 1000 кВт саатка чейинки пайдалануудан электр энергиясына 77 тыйындан төлөнөт. Андан ашкандар 1 кВт саат электр энергиясына 2 сом 15 тыйындан төлөйт. Ал эми ишканалар 2 сом 50 тыйындан төлөйт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости