www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: 500 койу тең эгиз төлдөгөн Сакыбаев

Союз убагында Кочкордо Совет Сакыбаев деген болгон. Жүзүнө 198 ден козу алган. Кокус компартия «омийн» болбосо Совет Сакыбаев жүзүнө 200 дөн ашып, же эгиздеп эмес койлору үч эмдеп тууй баштамак. Коммунисттик заман жок болуп Совет Сакыбаев мелдеш боюнча республикада биринчи келатканы да жок болду. Анын агасы Карагул Сакыбаев Фрунзе колхозунда башкарма болгон. Анча-мынча койлорду кошуп ийбесе кантип 198ден алсын. Мурун кесилип келгени үчүн көп деле сыйлыкка жетише алган жок, Касымбек Жунушов, Таштанбек Акматов, Куттубай Абдыраев жана башкалар жүзүнө 170 тен эле төл алышып Социалисттик Эмгектин баатырлары болушкан.

Башкарма Саралаев көздөгөн Жданов колхозунда Сулайманов Турганбай деген да мыкты чабан болгон. Түпкү ата-теги Тагай бийден тарашат. Тагай бийден Сарыбагыш (Кылжыр), андан Дөөлөсбакты, андан Манап бий, Манаптан Сүтөй, Сүтөйдөн Сарысейит бий, андан Үчүкө баатыр, андан Маматкул бий, андан Болот бий, андан Эсенкул баатыр, андан Назар, андан Ботаалы баатыр, андан Калча, Дадабай. Апамдын айтуусунда Калчанын Табылдысынан Турганбай,  Дадабайдан Канимет. Тилекматтын уулу Чыныбай уезд башчысынын жардамчысы болуп турганда, Нарынга бара жатып, Ботаалы баатырдын айылына атайын кайрылып, саяк Алыбек баатырдын колго түшкөнү тууралуу анын өз оозунан уккан жана бугу-сарыбагыш урууларын ынтымакка чакыруу максатында Ботаалынын уулу Дадабайга кызы Сейилканды берүүгө макул болгон. 1916-жылдагы Үркүндөн кийин Канимет энесин ээрчип кетип шартка ылайык Ысык-Көлгө келип туруп калган.

Алкымда илгери Алкым деген колхоз болуптур. Улуу согуш убагында бул жердеги токой көптөгөн жаш жигиттерди «койнуна жашырып», Отонтойлор «отоп» келген малдарын жашырып багышчу дешет. 1980-жылдардын аягында Исакеев совхозу менен биздин Жданов колхозу Үкөк деген жайлоону талашып жүрүштү. Аксакалдар, комиссия отурган бир жыйында Исакеевдиктер бул жак биздин жер болчу деп үстөмөндүккө салып келатат дейт. Ошондо Сиезбек байке: «Согуш убагында ушул жерлерге согуштан качып жүргөн менин карасуулук Отонтой таякелерим ар кимден көрсөтпөй алып келген малдарын багып, бул жер биздин эле жер эмес беле» -деп, исакеевдиктерди сөзгө сындырып талаш жер биз тарапка чечилген.

«Элүү жылда эл жаңырат», азыр Алкымды бойлой ошол кездеги адамдардын урпактары  жашап жатат. Алардын камчыга саптуусу эми Такин-олигарх. Малы менен пейили канча экенин билбейм, атасына жетпейт го, бирок саясий зиректиги атасындай маалыматтуу, санжырага да кызыгуусу зор дешет,  ошондуктан кыргыз  санжырасы жерде калбас. Назардан Турганбай аксакал 60  миң кой баккан бир колхоздун, Жданов атындагы колхоздун көзгө басаар алдыңкы мен деген чабаны болгон. Ал менен катарлаш кээ бир чабандар спикер болом деп жулунуп, кээ бирөө «Герой» үчүн жанын садага чаап жүргөндө Турганбай аксакал ак эмгеги менен бир калыпта ак иштеп  ардактуу президиумдан арылбай, сөзмөрлүгүнөн элди чымчып, жамактай сүйлөп, «Кулча эмгектенип, ханча жашап жүрдү». Анын баскан, турганы ошол кездеги жаштарга үлгү болуп келген. Турганбай Сулаймановдун кылган эмгектери үзүлбөй маалымат беттерине чыгып, аны туурайбыз деген сыяктуу сочинениелерди мектеп балдары жазып турдук.»Уккан кулакта жазык жок» -дейт. Сулайман өзү Ботбайдын баласы, Турганбай Боталыдан тараган. Калчанын Табылдысынан Ражап төрөгөн Абдыжапар менен Уруйпанын энеси менен Турганбайды кийин Сулайман аксакал кара эшегин минип алып «канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай»  өстүргөн. Аны сыйлашып, өз аталарынын катталышпай көпчүлүгү багып алган Сулаймандын наамында жүрүшөт. Сулаймановдордон Уруйпа эже мыкты билим алып, Бишкекте чоң окуу жайында профессор,ошол кездеги карасуулуктар Рыскул (эң биринчилерден медициналык илимдердин кандидаты болгон), Апан (Кара-Балтадагы тоо-кен комбинатын башкарган),Темирбек (Кой-Ташта башкарма болгон) Садыбакас (женпедде декан болгон), Казыбек (Миң-Кушта Оргтехника заводун башкарган), Молдокмат,  (врач), Асыкбек, Бектурдун балдар, кыздары  сыяктуу Ак-Кыянын мыктылары  көп болушкан.Азыр алардын балдары өз арасында жат, жат арасында өз болуп көбү «киргиздерге» айланышкан.Сексенинчи жылдары Дамира Сулайманова деген математик болгон жадыбалды уктап жатканда ойготсо да айтчу. 

Атамдын бир айтканын эстейм. Министр Каниметовду Турганбай аксакал коноктоп, атам да болуптур. Турганбай аксакал менен атам теңтуш, теңтушча бири-бирин тамашалап турушчу. Атам директор, Турганбай министрдин көзүнчө деле тамашалап жатат дейт. Анда Ражап апа бар. Атам жаңы мектеп жөнүндө, анын «Генеральный проекти» бүтүп эми колхоз тарабынан курулган жатканын айтып жатам дейт. Анда Ражап апа: «Кекеме мектеп салганга жардам берип кой» деп жатат дейт. Каниметов мектеп боюнча кызыгып суроолорду берип жатат дегени бар. Ал кезде субординация болгон. Турганбай аксакал субординацияны уруп ойнойбу, бир чети министр жакын тууганы болуп жатса. Атам тамашаларына унчуккан деле жокмун дегенин уккам, кантсе да Каниметов министр, ал кезде майда-чүйдө директорлордун өтүн ОблОНО Капар Кыдыралиев эле алып койчу. Ошол мектепти бүт проектисин даярдап, колхоз акчасын төлөп мына курган жатканда, Усубалиев Кочкорго келип калды дейт. Анан райком айтат да Жданов колхозу мектеп курган жатат деп. Усубалиев бир гана ооз айтып койду дейт. Анын сөзү закон да, Жданов колхозунун №1 бригадасы Кочкор менен удаалаш, Кочкор борбор, Кочкорду өнүктүрүш керек, колхоз сала турган мектепти Кочкор жакка салгыла деп. Бир ооз сөз менен, атамдын канчалаган эмгектери чыркырап күйүп кетти. Ошентип Калинин, азыркы Кыдыралиев орто мектеби биздин колхоздун эсебинен Кочкор жакка салынып калыптыр. Усубалиевден башка киши болгондо же азыркыдай эркин заман болгондо атам өжөрлөнүп отуруп Кара-Сууга салдырмак экен. 

Турганбай аксакалдын көзү өткөндө Каниметов келип, атам экөө бир-эки күн кечке баарлашыптыр. Ошондо Каниметов мен министр кезде, бир да жолу көмөк сурап келбей койдуңуз дептир.Жогоруда айткандай  Канимет атасы Дадабайдын көзү өткөндө  энесин ээрчип көлгө ооп кетишкен, кийин ата-тегин  издеп таап, Калчанын балдары менен катышып жүрдү. Министр болуп турганда Калчанын уулу Дүйшөмбүнүн күйөө баласы Ишен уулу Бейшенбекти жөөлөп жүрүп Университеттин экономикалык факультетине декандын орун басары кылган.

Турганбай аксакал Жданов колхозунун Ленин ордендүү эң биринчи алдыңкы чабаны болгон. Атам менен жакшы теңтуш болуп чымчылап сүйлөй турган. Апам экөө Алкымда бир туулуп, бир өскөн, “Күкү” –деп койчу бир аз улуу болсо керек. Турганбай Сулайманов: “Чоңчарыктын акылы алтымыштан өткөндө келет”-деп каткырып калчу. 2000-жылдагы президенттик шайлоодо мурун РайОНО болуп иштеген Мукаш Абазганов бир топ райондун сакалдууларын ээрчитип келиптир. Анда мектеп директору кез. Айылдагы сөзгө өтүмдүү, атаңды сыйлаган айылдагы  сакалдуу адамдарга жолуктур деп калышты. Токтобек Исмаилов, Жамалбек Чалбаев, Мырзакмат Данияров сыяктуу бир топ адамдардыкына бардык. Бары эле ал кишилерди колдошуп, бата берип жатышат, Атамдын кандосу Турганбай Сулайманов көргөндө эле тескери сүйлөдү. Көрсө ал атайын тийиштик кылып жатыптыр,тамашалап жатып оңолду, жаз мезгили болчу бир бочка майга (соляркага) жыкты. Тигилер беребиз дешип, беришкен жок. Кийин баягы майды качан алып келишет деп жолуккан сайын айтып жүрдү.

 Кыздары Нурила “Эмгек сиңирген мугалимди” алды, Гүлила саясий карьерасы бышып турган учуру, көл тарапта депутат деп угабыз, Дамира “Кара-Кужурдун канышасы”,  бир гана президент же спикер менен гана баарлашып тамак ичет. Уулдары Алтын, Күмүш, Бриллиант кыздар менен гана баш кошушат. Уулу Мукай Күмүшүн артынып алып, Жалал-Абад менен Нарын дарыясы менен сал аркылуу гана катташат. Элебай бабасы Эсенкул баатырдын  элесин элеп турган учуру, Болот бий, Маматкул тууралуу чемирчкедей чагып китеп чыгарат. Такин деген олигархы бар. Илгерки манаптардай малынын канча туягы бар экенин билбейт. Такин байдын малы суу ичкенде Алкымдын суусу түгөнүп калат дешет. «Малдын ээси Такин бай, майдын ээси Такин бай, жайдын ээси Такин бай» болуп Такин бай жүрөт. Такин байке менен бир нече жолу чогуу отуруп калдык, мээси мээ экен, кайдагынын барын түйүп алыптыр.Билген киши менен отурган жакшы да, билбеген дөдөй менен талашсаң, айтканын кечке кайталап жадатат.

Турганбай аксакал көзү өтөрүндө чоң атасы Боталы тууралуу жазгандарын алып келиптир.8-9 бет. Ал кезде гезитте эмес, мектепте иштөөчүмүн, ошондуктан аны редакциялап басып чыкканга мүмкүнчүлүк жок болчу. Кийин бул жакка көчүп келген соң таппай калдым. Негизги бере турган ой ушул тууралуу болчу: Назардын балдары Боталы, Ботбай менен Базаркулдун баласы Сатылган жана Чоткара (Саралаев Жумакадырдын чоң атасы)  чүкө ойноп отурса, чоң энеси Каракыз келип кейийт экен: “Силердей жигиттер жоого чыгып жатса, силер казанды аңдып ушул жерде чүкө ойноп отурасыңар” –деп. Ошол мезгилде сарбагыш, бугу тирешип, Ормон хан өлүп, ал кунуна сарбагыштар көлдү үч айлансын, Алыбек баатырдын башын алгыла деп керээз калтырган. Саяк уруусунан Алыбек учурунда казактан Уулбаланы Ормонго алып барып берген, Ормон жибип турган экен жакшы көргөн “Каракелтесин” берет. Кийин Алыбек Ормон менен чатакташа кетип, бугуга кире качкан. Бугу менен сарбагыш чабышы Алыбектен улам болгон дешет. Ормонду өлтүрөрдө сарбагыштарды кубалап барып, Алыбектин “Каракелтеси” атылган, ошондон улам Алыбекти өлтүргүлө деп кунга кошуп кеткен окшойт. Бул төртөө Алыбектин айылына келип аңдып, колго түшүрүп Ормондун керээзин аткарышкан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости