www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бабанов желдети Канат Исаевди козутуп жатат. Бул экөөнүн кыргыз элине кандай чыккынчылык кылышканын божурап берели. Көк бөрү оюуну боюнча кыргызга тең келген улут жок эле, казактарды жөн эле тамтаңдатып койчу. Кайсы бир убакта казактар өзүнө ылайыкташтырып Көкпар деген оюнду чыгарышып, Бабанов Астанага баратып кыргыздын көк бөрүчүлөрүнө жеңилип бересиңер дегендей соодалашып,кыргыздар оюндан жеңилип беришкен. 

Көк бөрүнү казактардын Көкпарына «көлдөлөң» кылып берген Көк бөрү президенти, Бабановдун «ээрчимеси» Канат Исаев деген болгон. Албетте, ал «бекер эт капканда гана болорун билет» ошондуктан Көк бөрүнү казактарга бекер жеринен Көкпарга салып берген жок, «кыргыздарга эмне капчыгымды калыңдап алсам болду да» - деген принципти туу тутуп, бул жүзү каралык ишке барган. Бүгүнкү күнү кылымдардан келаткан Көк бөрү оюну казактардын көкпар оюунун алдында мойнун сунуп берди. Бул үчүн Көк бөрү президенти Канат Исаев канчалык деңгээлде күнөөсү болсо да камырдан кыл сууругандай, өзүн аппак кылып чыга берди. Деги Канат Исаев дайыма криссталлдай таза болуп жүрө береби?

Канат Исаевдин түпкү теги кадимки эле сарбагыш Түлкүнүн тукуму. Үчүке менен Түлкү баатыр Жаңыл мырзаны алуу үчүн барышып, анын шимшилеп келген тайганын көрүп, Түлкү баатыр «Канчыктын канчыгы келген тура» -деге сөзүн уккан Жаңыл мырза жаа менен экөөнү тең тартып салат. Түлкүдөн жалгыз бала Тынай калат. Чүйдүн Кемин,Токмогу негизи ушул Тынай уруусунун тукумдары. Булар Чүй аймагынын солто жана башка уруулары менен биригип «Чүйдүн мыктыларын» түзүшкөнү менен Канат Исаев шериктештери менен дайыма элдешкис абалга келип турганы 2015-жылы парламенттик шайлоодо ушул уюмду жана «Кыргызстан» партиясын түзүүгө белсенип киришкен уруулашы сарбагыш Каныбек Иманалиевди желкелеп, жок кылган. Парламентке келген соң «Кыргызстан» фракциясын жетектеп ушул партиянын келишине зор күч бергендерди тазалап, өзү жалгыз бул партияга ээлик кылгысы келген. Анын мындай кара ниеттик пландарына Эсенаманова сыяктуу депутаттар чалынышып, «ит талаган түлкүдөй болушуп» Жогорку Кеңештен кетүүгө мажбур болушкан.

2017 -жылы президенттик шайлоодо Канат Исаев келишпес душманы Өмүрбек Бабановго талпакка айланып, элди козутуп дүрбөлөң кылам деген ой-максаттары ишке ашпаганы менен, «Көк бөрүнү» Көкпарга салып берген ой-максаты 2017-жылы толугу менен ишке ашып, Астанада болуп өткөн Көкпар боюнча мелдеште жеңилбес кыргыздар, казактар алдында утулуп берген. Көк бөрүнүн президенти Канат Исаев намыска  келип Көк Бөрүнү чыңдамак түгүл, чыккынчылык менен Көкпарды чыңдаганын кандай түшүнсөк болот?

«Чүйдүн мыктыларынын» ортосунда келемиштер аралап, Солто уруусундагылар ата талашып бөлүнүп чабылып жатканы да Канат Исаевдин «көнүмүш» ыкмасынын бири болуш керек. Анткени, анын максаты Чүйдө басымдуу кылган солто уруусун алсыратып, өзүнүн сарыбагыш (тынай) уруусуна эки тизгин, бир чылбырды алып берүү. Биз Канат Исаевдин бул аракети ишке ашарына ишенебиз. Казактардын Көкпарынын алдына деле кыргыздын Көк бөрүсүн салып бербедиби, аны ким кой деп жатыптыр, бүгүнкү күнү «Чүйдүн мыктыларынын» башына сарбагыш Канат Исаев туруп калары бышык.

 Өз элин сатып чыккынчылык кылуунун да чеги болуш керек. Кыргыз элинин байыртан келаткан улак тартыш же көк бөрү оюнунун негизинде 2001-жылы Эл аралык көк бөрү федерациясы түзүлүп, анын курамына Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан кирген. Астана акчанын күчүнө салып бул оюнга ээлик кылууну көздөгөн жана артыкчылыкты орнотуу үчүн көк бөрүдөгү эрежени өзгөртүүгө шымалана киришкен.

Эң өкүнүчтүүсү Көк Бөрү федерациясынын президенти Канат Исаев баш болгон кыргыз жигиттери бабаларыбыздан мураска калган улуттук мурасыбызга, кыргыз элине, өз улутуна чыккынчылык жасап 2014-жылы  Казакстанга көкбөрүнүн эрежесин өзгөртүүгө уруксат берген. Көк бөрүчү кыргыз жигиттер 2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында казактарды 15:3 эсеби менен ташын талкан кылган соң Астана Көк бөрүнү Көкпар атап кыргыз көкбөрүчүлөрүн алсыратып, өздөрүнүн көкпарчыларын алга чыгаруу үчүн болгон күчүн жумшай баштайт. Мунун жыйынтыгы менен 2017-жылы Казакстанда өткөн көкпар боюнча мелдеште кыргыз жигиттери биринчи орунду алдырып коюшкан.

2014-жылдын ноябрь айында Казакстан Түрк элдеринин салттык спорт оюндарынын ассоциациясын түзүп, ага болгон улуттук оюндарды анын ичинде көкбөрүнү көкпар атап, өздөрүнө таандык кылып кошуп койгон. Бул жерде Эл аралык көкбөрү федерациясы турганда, көкпар Казакстандын атынан кайсы бир ассоциацияга кирбеши керек эле. Бир эле спорттун эки уюмга кирип алганы нонсенс жана Кыргызстан андайга жол бербеши керек болчу. Бирок кыргызга чыккынчылык кылып Кыргызстандын көкбөрү федерациясынын президенти Канатбек Исаев Кыргызстандын ассоциацияга мүчө болушун расмий тастыктап казактардын документтине кол койгон. 
Канат Исаев бул документке кол койгондо бир гана көк бөрүнү көк пар деп өнүктүргөнгө эле эмес, оодарыш, тыйын эңмей, бүркүт салмай, кыз куумай, жамбы аттуу, тогуз коргол өӊдүү оюндарды кыргыздыкы эмес сыяктуу, бул казактардын оюну ошондуктан казактардын ассоциациясынын атынан өнүктүрөбүз деп кол коюп берген.

Канат Исаев эл аралык «Көк Бөрү» федерациясынын президенти болуп туруп кыргыз элинин кызыкчылыгын коргомок түгүл, өз капчыгынын айласын ойлогонун кандай түшүнсөк болот? Канат Исаев көк бөрү менен көк пардын эмне айырмасы бар экенин түшүнмөксөн болуп, экөө бир эле оюн деп жооп берди. Ооба, казак-кыргыз бир тууган, бирок ар бир элдин улуттук баалуулуктары бар. Дүйнө көкпар дегенде Казакстанды, көк бөрү дегенде Кыргызстанды түшүнөт. Көкпар менен көк бөрү эки элдин улуттук кызыкчылыгын коргоп келген. Бул маселе Канат Исаевдей өз улутунун кызыкчылыгын акчага алмашкандар үчүн кеп деле эмес накта улут бузар, эл безерди ушул жака алып барганыбызга таң калычтуу.

 Биз дүйнөгө көк бөрү оюнубузду тааныта албасыбызга көзүбүз жетти. Эми Канат Исаевди ээрчип, казак элинин көкпар улуттук оюнун кыргыз көк бөрүчүлөрү колдоого алып калчудайбыз. Эл аралык «Көк Бөрү» федерациясы Канат Исаев Казакстандын Түрк элдеринин салттык спорт оюндарынын ассоциациясына кол койгондон кийин биздин кыргыздар Астананын акчасы үчүн мөөрү жоголгондугун айтып, кайрадан көчүрмөсүн жасаган. Казак туугандар кыргыздарды сатып алганын айгинелеп, Өзбекстанда өткөн эл аралык көк бөрү федерациясынын конгрессинде документтин көчүрмөсү менен видео тасма алып келишип кыргыздарды бечара деңгээлине түшүрүп койду.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

Последние новости