www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Майнинг-компаниялар биздин өлкөгө керекпи деген сурооону депутат Султанбай Айжигитов Жогорку Кеңештин жыйынында салды. 

Буга Энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов кереги жок экенин билдирди. Депутат Айжигитов анын сөзүнө кошулуп, аталган компаниялар экономикага зыянын тийгизип жатканын билдирди.

"Кичинекей пахта заводго электр энергия жетпей жатат. А биз энергиянын баарын майнинг-компанияларга берип жатабыз. Өзүн сыйлаган өнүккөн мамлекет майнинг-компанияларды таптакыр киргизбейт. Бул жерде чоң коррупция жатат. Майнинг-компания таза коррупциялык схема. Аталган бир компания Бишкектин бир районуна жетүүчү бир жылдык энергияны жеп коёт. Бизге эч кандай пайдасы жок. Беш-алты гана адамдын кызыкчылыгы үчүн иштеп келет", - деди депутат.

Алар Кыргызстандын экономикасынын коопсуздугуна түздөн-түз зыянын тийгизип жатканын айтып, буга тыюу салуу керектигин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости