www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Криптовалюта - бул электр энергиясы менен өндүрүлгөн продукт. Бул тууралуу депутат Арстанбек Малиев бүгүн, 23-ноябрында Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.
Ал криптовалюталардын келечеги бар деп эсептейт жана криптовалюталарды колдогон Венесуэла өкмөтүн мисал кылды.
«Доллар эмне болуп жатканын өзүңөр көрүп турасыңар. Орусия доллардан баш тартты, эми Кытай менен Индия да ушуга бара жатышат», - деди ал.
Депутат Криптовалюта дагы бир бирдиктүү акча болуп калышы мүмкүн деп эсептейт.
Анын айтымында, ЖОЖдор студенттерге криптовалюта кантип казылып алынарын көрсөтүүгө уруксат бериши керек.
«Энергетикалык кризистен чыгып, Токтогул суу сактагычында жетиштүү суу топтолмоюнча бул маселе ачык бойдон кала берет. Биз үчүн алардын энергетикалык көз карандылыгынан чыгуу маанилүү», - деди энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов.
Бул жерде «Виртуалдык активдер жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып жаткан.
Булак: NazarNews.kg