www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Байсаловдун мөөнөтү аяктады, эми НПОсуна барып өз калаганындай бийликти шыбай берсин. Аны эч ким сүйгөн жок,канчалык кошомат айтса да. Парламентти тоготпой кепек ордуна көрбөгөн Эдикең «ээрге чапкан күлтүктөй» болуп бул ирет да ЖКны тоготкон жок. «Уу коргошун» атка конгон экс-министрди Башкы прокурор Зулушев какатып койгон соң «жалдырама тийген көк мээ» койдой болуп Эдил Байсаловдун үнү бүткөн. Эми Эдикең чамгарактап кайра «кымпылдама» айтып калыптыр. Ме дегенде манасчыларга тийишип «Сагынбай Манасчы» тасмасын жамандап кирди. Бул тасмада Эдил Байсалов айткандай эч жамандык деле жок. Ошондуктан «диван баатырлар» түп көтөрүлүп колдоп чыкты эле, аларды каакымдай да көргөн жок. Алардын арасында Франциядагы элчибиз Садык Шер да бар. Мына кечээ эле Азимбек Бекназаров өз ой-пикирлерин бөлүштү эле, кайдан-жайдан Эдил Байсалов пайда болуп кызматынан бошоп турган жаранды чоң кысмакка алып, оозунан чыккан жалын ааламды бүркөт. Кыргызстанды чулдукка салыштырган Байсалов өзүн ак куу сезеби?

Өрдөк, чулдук бирдей эле, ошондуктан «Өрдөк жокто , чулдук бий» деген макал сакталып калган. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов негизги аялдарга бөлүнгөн квота боюнча иштеп жатат. Бул жерде вице-премьер болуп: Аида Исмаилова, Элвира Сурабалдиева, Алтынай Өмүрбекова, Камила Талиева, Дамира Ниязалиева, Элвира Сариева жана башкалар иштеп кетишкен. Эми уялбай жоолук салынып алыппы же салынбайбы Эдил Байсалов ушул орунда отурат. Ал жөн отурбай Кыргызстанды жомоктогу өрдөккө салыштырды. Башкыртстан жана Татарстандын ишкерлери менен ата мекендик бизнесмендердин жолугушуусуна катышып, минтип бакылдады:"Республикабыздын "балалык чагы" оор болду. Бул катаал мезгил көпкө созулуп кетти. Бүгүнкү күндө жомоктогу өрдөктөй болуп, эми ак кууга айланууну кыялданып жатабыз", — деди Байсалов. Делегация өкүлдөрүнүн жана кыргызстандык ишкерлердин катышуусунда бизнес-форум өтүп жаткан. Келгендердин курамына экономиканын түрдүү тармактарында өндүрүш, соода жана кызмат көрсөтүү менен алектенген 30га жакын орусиялык компаниялардын өкүлдөрү кирген.

Андан мурун кошоматчы деген сөзгө терикпеген Эдил Байсалов басма сөз беттерине маек бериптир. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары менен маегинен кыскача: «- Эдил мырза, отпуске жокпу? - Буюрса дейли. Жапаровдор менен иштөө мен үчүн абдан кызык жана өтө татаал болуп жатат. Мейли Садыр Нургожоевич менен болсун, же Акылбек Үсөнбековичти алалы... Негизи, өзүм эркин жүрүп көнүп калган адаммын да. Кааласам Англияга учуп кетем, кайра келем дегендей. Анан Акылбек Үсөнбековичтен “отпускага барып келейин” десем, а киши “сенсиз бир күн жашайбыз, мейли эки күн жашайлы, а сен беш күнгө кетсең, элдер “Байсалову жок эле жашообуз өтө берет турбайбы” дейт. Ошон үчүн сен креслодо тикчийип отурушуң керек!” деди. А мен эч качан кресло үчүн жанталашкан киши эмесмин... - Бирок, кайсы бийлик келбесин креслодосуң да? - Ооба, элдин баары эле мени “Күн тийген жердин күкүгү”, “жеткен кошоматчы” дешип, сиз айтканды айтып жүргөндөрүн угуп калам. Мен эми бул сөз үчүн терикпейм. Бирок адамда өсүү, өзгөрүү болуп турат». Ушул берген маегинен эле Эдил Байсалов ким болуп өзгөрүп баратканын билсе болот. Эдил Байсалов мурун кандай эле?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости