www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Паксадан үй сала албай өнтөлөп жүргөн кедей шопур Илмияновдун багын АША ачкан. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов «Лейлек районунун ардактуу атуулу» деген сыйлык алды. Лейлек райондук администрациясы жакында ишмердүүлүгүнүн биринчи жарым жылдыктагы жыйынтыгын чыгарган. Анда райондун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов жана башкалар «Лейлек районунун ардактуу атуулу» наамын алышты.

Икрамжан Илмиянов 2018-жылдын октябрь айында камакка алынган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал жеке компаниядан 150 миң доллар алган деп айыпталган. Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечимине ылайык, жети жылга эркинен ажыратылган. Ал Кылмыш кодексинин «өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык» беренеси боюнча кесилген. Илмиянов өзүнө тагылган айыптардын бирин да мойнуна албай турганын айтып келген. Бишкек шаардык соту Октябрь райондук сотунун чечимин өзгөртүп, Илмияновдун жазасын беш жыл алты айга чейин кыскарткан.

Шопур-чиновниктин миллиондорду айланткан бизнестеринин бир тамчысын айта кетели.
1. Эл арасында көрүмдүүлүгү бир топ болуп калган 7-каналды («Канал D» ЖЧКсы) Ташиевдер 2015-жылдын 25-ноябрында Икрамжан Илмиянов менен Туманбаевге расмий өткөрүп берген. Телевидениенин формалдуу учредители жана жетекчиси Илмияновдун жакын адамдарынын бири, мурунку «наабайчы», азыркы Президенттин Иш башкармасынын жетекчиси Туманбаев Каныбек Турганбекович. Бул телевидениеге Илмиянов миллиондогон каражаттарды салып, материалдык-техникалык базасын күчөтө баштаган. Ал жакты Туманбаевдин жакыны Мамасадык Багышов деген «креативдүү медиа менеджер» тейлеп турган. Камчыбек Ташиев болсо 7-каналды Илмияновго «саткандан» кийин, ордуна 2015-жылдын 17-декабрында кайра эле «7-канал телерадиокомпаниясы» ЖЧКсын түзүп алган. Түзүүчүсү Ташиев Казыбек Кыдыршаевич, жетекчиси Анарбаев Залкар Касымбекович. 
2. Бир кездери чыркыраган чындыкты чаңырып жазып турган «Учур» гезитин да ошол учурда Икрам Илмиянов тартып алган. Гезиттин бир кездеги ээси Асланбек Сартбаевден тартып алгандан кийин аты бар «заты жок» адамдарга каттатып, сандыкка катып койгон. Керек учурда чыгарат, болбосо куушканга кыпчылбай көздөн арыраак тура турсун деген ниет. Асланбек Сартбаев «Азия-Ньюс» гезитин чыгарып кеткен.
3. 2015-жылдын күзүндө Кыргызстандын маалымат айдыңында «ON1 канал» (Он биринчи канал) деген бренд менен жаңы маалымат каражаты пайда болду. Бул телевидение да Икрамжан Илмияновго таандык эле. Канал  Zor TV, Megaline жана Smart TV-Юг санариптик провайдерлердин линиясы аркылуу Чүй облусунда, Бишкек жана Ош шаарларында тартчу. Планы бүткүл Кыргызстанды камтып, бери дегенде Бабановдун НТСинин катарына тургузуу. Телекомпанияны Икрамдын медиа боюнча жакын кеңешчилеринин бири, лейлектик Мамасадык Багышов деген жигит тейлеген. Китеп бул жакта калсын, жарытып гезит окубаган Икрам шоопур ошол учурда медиа магнат болуп, өзү менен Атамбаевдин «пакизалыгын» жеке ММКлары аркылуу даңазалайм деп бул тармакка жүз миңдеген долларларды сарптай турган.  
4. Икрамжан Илмияновдун Бишкек шаарында көп кабаттуу имараттарды, коммерциялык объекттерди куруп саткан ири курулуш бизнеси да бар эле. «БКС курулуш фирмасы» деп аталган курулуш компаниясы тытчу. Бул компаниянын да формалдуу түзүүчүсү жана директору жогоруда 7-каналга «ээлик» кылган «наабайчы» шопуру, азыркы Президенттин Иш башкармасынын жетекчиси Туманбаев Каныбек болгон.
Компаниянын башчысы К.Туманбаев Жалал-Абаддын Аксы районунан, 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо СДПК партиясынын тизмесинде 66-сапта катышкан. 2020-жылы «Биримдик» партиясын колдогон. Кичи мекени Аксыдан кыйратып добуш ала албаса да тизме аркылуу Жогорку Кеңешке жеткени аз калган. Туманбаевдин Бишкекте наабай нан жаап жүрүп эле, анан «шопурдун» шопуруна айланып, оң колу болуп чыга келгендиги тууралуу өзүнчө узун кеп болот. Ал эми «БКСтын» дагы бир түзүүчүсү Камалов Нурланбек Бахридинович Оштун өзбек тектүү тургуну. Бир агасы Камолов Илхом Бахридинович 2012-жылы Ош шаардык кеңешине шайлоого «Ата-Мекен» партиясынан катышкан. Башка бир тууганы Камолов Хуснуддин Бахридинович ишкер, 2010-жылдагы тополоңдо чыгым тарткан деп мамлекеттен жардам каражат алып жүргөн. Нурланбек Камаловдун Лейлектеги белгилүү «наркобарон», көмүскөдөгү «серый кардиналы», Исфана өзбектеринин анабашчысы, Илмияновдун жакын адамы Шухрат Камалов менен кандай байланышы бардыгы азырынча белгисиз, бирок, такталып жатат. 
«БКС» компаниясы Бишкектин Тынчтык проспектиси 97/4 дарегинде (Түштүк магистраль менен кесилишинде) заманбап кеңселери, соода түйүндөрү жана парковкасы менен көп кабаттуу элиталык турак жай комплексин куруп, былтыр эксплуатацияга берди. Имарат таза абалуу, элиталык деген райондо, «Акун» турак-жай комплекси менен «Биор» комплексинин ортосунда орун алып, 10 кабаттан турат. Бир кездери ар кимден карыздап Ак-Өргө жаңы конушунан жер алып, чала-була кылып чакан тамды араң салып жүргөн Икрамжан учурда борбор калаанын элиталык райондорунда жер тилкелерин алып, көк тиреген курулуштарды жүргүзүп калган. 
5. Сокулук районунун Фрунзе совхозундагы Конзавод айылында зоот букаларды баккан фермасы бар. Ал жердеги бир нече ондогон букаларды бир тууган карындашы Илмиянова Айбарчын үй-бүлөсү менен тейлейт. Ал жакта бир нече кымбат баалуу аргымак аттары да бар, бат-баттан каттап ат чаап, жорго салдырып турат. Бакиев кезинде Орто-Сай базарында эт чаап жан багып жүргөн Икрамжан Илмиянов Атамбаев заманында зоот букаларды баккан, аргымактарды таптаган бакыйган ферманын кожоюну болуп отурат.
6. Туулган айылы Катыраңдын жайлоолорунда жүздөгөн топоздору бар. Аларга иниси Искендер баш-көз. Искендер Лейлек райондук салык башкармалыгында жооптуу кызматты аркалайт. Шоопур кезинде саап ичер ую жок Икрамжан минтип тез эле килейген топоз ферма да түзүп алган. Шоопур-миллионердин Чүй-Белинский көчөсүндөгү элиталык батирин, Д.Садырбаев-Түштүк магистраль көчөсүндөгү ресторанын, Түркия, Европадагы кыймылсыз мүлктөрүн жана башка расмий декларацияга кирбеген оокаттарын эсепке кошпой туралы. Мындай миллиарддарды айланткан бизнес куроо үчүн шоопур же мамлекеттик кызматкер канча жылдап уйку бетин көрбөй иштеши керек? Ушулардын баары маңдай тер менен табылган акчага жасалган дегенге ким ишенет? Икрамжан Илмиянов бизнесте ушинтип көп кырдуулукка басым жасап, «маңдай тери» менен тапкан жашылбайларын ар башка тармакка диверсификациялап келет. Медиа магнат десе да болот, куруштагы, мал чарбачылыгындагы, ресто-бизнестеги «ийгиликтери» учурдагы кризиске моюн бербейт. Анткени, башкысы, Ак үйдүн акчалар кадимкидей аккан кадр тармагындагы рычагы колунда эле. Ал эми Атамбаев жемкорлорду алыстан издеп дүрбү кармаганы менен колтугундагы болуп жаткан бака-шака «сооданы» көрбөй жүрүп өттү. Балким өзү уюштуруп жаткандыр.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости