www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ормон хан болуп турганда солто, саяк, бугу, таластык кыргыздарынын арасында уурулук, майдалап жылкы алышын эске албаганда эч чатак болгон эмес. Кийин Шабдан Мекеге ажылыкка барганда : «Менин атым өзбектер менен бүтөт экен. Ормон ханга теңелиш кана, аны кайсы жер болбосун билет экен» -деп айтканы бар. Жантай уулу Шабдан да кыргызды бийлеген кашкөй эмес беле. Ал заманда солтодон Жанкарач, бугудан Боронбай, саяктан Чыны бири-бири менен кудалашып, достошуп: Ормон менен Боронбай куда, Жангарач менен Боронбай дос, аралары өтө жакын болгон.
1792-жылы төрөлүп кыргыз элинде мамлекет түзүүгө умтулуп 1842-жылы ак кийизге салынып хан көтөрүлгөн Ормон ошол доордун үнү сыяктуу. Ал Кокон ханына баш ийбестен, Орус императорлору менен бир деңгээлде сүйлөшүүгө барган. Бүткүл сарбагышка соодагер келсе, Ормондон уруксат алып, малына баа койдуруп, анан соң элди аралап соодасын кылган. Демек сооданын бажысы бүткүлү менен Ормондун пайдасында болгон. Сарыбагыштын жери арка кыргызында ортодо болгону үчүн эгерде Кашкардан кыргызга соодагер келсе, же Ферганадан Көлгө соодагер өтсө, же Кулжадан Ферганага, же Ташкенге соодагер өтсө, сарыбагыш басып өткөн үчүн алар Ормонго ийилиштүү болуп, Ормондун өзү, мейли кишилери болсун сураганын алган.
Ормонду хан көтөргөндө бугунун бир манабы чакырыкка келбей, кийин келгенде Ормон: «Тээтиги Ач арстанды (Төрөгелди) оозунан ноктолоп алып жүрбөймүнбү, мойнундагы чынжырын алып коё берсем он эки айры бугу сени Иледен өткөзүп жибербейби», — деп тизесин мыкчып турганда, тиги манап олтуралбай тикесинен титиреп турган. Таластан, бугудан, солтодон, казактан кишилер келип, чоңураак иш болсо алардын көзүнчө Төрөгелди баатырды чакырып, ачууланып, сени дарга асайынбы деп, кара алачыкка камап коюп турган. Төрөгелди өтө баатырлык кылган киши болгондуктан анын баатырлык даңкы ичке-тышка чоң болгон. Кытайга (Кашкар) караган чоң багыш, черик кыргыздарынан элчиликке киши келгенде Ормон хан: «Сенин ишенгениң Кашкарбы, сөлпөөр менен ыргыта коёмун» - деп, тизесин мыкчып алганда, алар көп тартуусун берип, ынтымакташууга аргасыз болгон.
Тынай сарыбагышынан ууру, каракчы көп болуп, жеке Жантайдын тилин албай койгондо, уурумду тыйып бериңиз деп Ысык Көлдө жаткан Ормонду Жантай көчүрүп келип, Боролдойдун үстүнө кондурган түнү тынайдын уурулары келип, бир нече жылкысын уурдап кеткен. Муну угуп Жантайга Саза баатырын жиберип жылаңайлак айдатып келген. Шабдан он эки жаштагы жаш бала экен, аралашайын десе атасы Жантай тыйып койгон. Жантай келсе Ормон коюунун чекесинде жүргөн экен. Салам айтса алик албаган. Экинчи айтканда Ормон: «Ээ Жантай, жай жаткан жеримен тынч койбой көчүрүп келип, ууруңду жаап жибердиң. Сени эмне кылайын, Жантай?» - дегенде Жантай: «Ушул ууру телип тентегимди тыйып берер бекен деп сизди көчүрүп келбедимби, өзүм тыя алсам сизге барамбы, тыйып бериңиз» — дептир.
Атасы Эсенкул уулу Ниязбектин (1760-1843) ашын Ормон берерде Кокондун ханына кырк кыпчак, кырк бычак берсин, атамдын ашына эт тууратамын деп алдырган. «Ниязбектен сегиз бек, телегейи тегиз бек» -деген кеп калган. Кокон ханынан, Кашкар уругунан элчи келгенде алардын жолунан беш-алты жерден 40-50 жабдыктуу жигиттерди тостуруп, аларды өлтүрөбүз деп кубалатып, эсин эки кылып, Ормондукуна келгенче катуу жүргүзүп, кайта кетерде дагы ошондой эле кылып жөнөткөн.
Кененсары орто жүздүн ханы катары жерин орус баскынчыларына тарттырып кыргыз жерине көз арткан. Казак менен уруш кылбастан, Кененсары өзү келип урушкан үчүн аны менен согушуп, жеңген. Кененсары жиберген кишилеринин көзүнчө Ормон: «Бүгүн тынч жай-жайыңарга жата бергиле. Согушуңарды койгула, эртең казактын канчасы болсо да тең бөлүп беремин», — деп элди тараткан. Кененсарыны жеңгени ага чоң сыймык алып келген.
Казакты бет алып, 1850—1851-жылдарда кыштын күнү Ормон 600 түтүн менен Ысык-Көлдүн түндүк жагы кар басып бекип калган белди 80 тукур минилбеген ат менен буздуруп ашып, Иле багытына түшкөн. Казактар Ормонду абдан изат кылып, казак-кыргыздын феодалдарынын адети боюнча согушка, өрлүккө тогуздап бээ, жүздөгөн кой берип турган. Ормон казакка көчүп барыптыр деген кабары кыргызга текши угулуп, казак-кыргыздын арасындагы уурулук, жылкы тийиш токтогондон бир жыл өткөн соң, казактар Ормондун айтканына кулак салбастан пейили бузулуп, Ормонду чаап алуу аракетин кылган.
Ормон амалы куруп, «Ормон опуза» айласына киришкен. Сүйлөшөлү деп казак төрөлөрүн чакыртып, алар бүт келер замат баягы жашырып койгон кишилерге кабар кылган. Алар 50—60 киши жарак-жабдыгы менен куржундарын салынып, Ормондун айтканындай болуп келип, чатырларын тигип жатып калган. Бир-эки селдечен кишилери келип, Ормондун жигиттерине жолукканда, жигиттери Ормонго кирип, бул келген кишилер Кокон ханынын сарбоздору экен, бир-эки күндөн кийин артынан бектери менен дагы сарбоздор келет экен, сизге учурашып, ошолордун жайын айтууга бир-эки кишиси келип турат дегенде, Ормон: «Ий бул кокондогон кокондукту мен чакырган жок элем го, аларсыз дага мындагы казак-кыргыз толуп жатат, айтар сөзү болсо кийин айтар», — деп тизесин мыкчып-мыкчып койгондо, казактар Ормондон уруксат кылсаңыз биз союштарыбызды камдап, бир-эки күндөн калбай келели деп, жүрүп кеткен. Казактар барып, ушул күнү үрккөн боюнча малын айдай Илени бойлоп төмөн кирип кеткен. Булардын үркүп кеткенин Ормон угуп, эли менен шашпастан Түргөн, Талгарды баса, Кашкелең аша, Көк-Ойрокко түшкөн.
Ормон өлгөн соң, 1861-жылы 15-сентябрда сарыбагыш уруусунун өкүлдөрү Ырыскулбек Ниязбек уулу, Ажы Ниязбек уулу (Ормондун инилери), Адыл Субан уулу жана Калыгул Алыбек уулу орус генералы Г.А.Колпаковскийге кат жазышып Орусиянын курамына кошулат.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg