www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: «Мегакомду» ким башкарса жеп-жутат

Кыргызстанда коррупциялык схеманы мыйзамдашты десек жарашат. Буга мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирип, элдин ырыскысына кол салган коррупционерлердин "кусту" деген мыйзамда жок түшүнүк менен абактан бошотулуп, үй камагына чыгып кеткен адаттын калыптанышы ачык мисал болот. Мына канча чиновниктер коррупцияга айыпталып камалышты. Алды 10 күндө, арты 6 айга жетпей эле абактан бошоп кетип жатышат. Миллиард жеген, миллион төлөп, миллион жеген бир нече миң төлөп кутулуп кетишүүдө.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "мындан ары коррупционерлер үй камагына чыкпайт, үй мүлктөрү мамлекетке өтүп, өздөрү абакта отурат" деди эле. Бирок, айтылган кооз сөздөр иштин жыйынтыгы эки ача чыгып, берген убадасы суу кечпей калды. Коррупцияга шектелип камалгандар биринин артынан бири түрмөдөн чыгып, көп жесең кутуласың, аз жесең абакта отурасың деген түшүнүк өкүм сүрүүдө. 

Мына "Мегаком"  ишканасынын мурдагы директору Азат Базаркулов 6 миллион сом төлөп үй камагына чыгарылды. Буга чейин,бир миллиард сом зыян келтиргени айтылып камалган Туризмди өнүктүрүү фондунун экс-жетекчиси Елена Калашникова "мамлекеттик бюджетке 12 миллион сом төлөдү" деп абактан бошогон. Эми мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян алып келгени айтылып, коррупцияга айыпталып камалган экс-министр Динара Кутманова дагы арзыбаган айып пул төлөдү делип түрмөдөн чыкса таң калбаш керек.

Альфа Телеком" (Mega) ЖАК боюнча мамлекеттин пландары өзгөргөн жок. Бул тууралуу өлкө башчысын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев минткен: "Учурда компанияга аукцион жарыяланды, ага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы катышып, уюлдук операторду сатып алууну пландоодо. Муну менен компания мамлекеттин карамагында калып, өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө өз салымын кошуусун улантат.Мындан тышкары, башкаруучунун алмашуусу калк үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга алып келери күтүлүүдө".

Мурдагы "Мегаком" азыркы аталышы "Меганын" («Альфа Телеком» ЖАКсын) сатыкка коюлганы маалымдалган. Баштапкы баасы 14 600 000 000 (он төрт миллиард алты жүз миллион) сомдон башталган. Арыздарды кабыл алуу 2023-жылдын 4-июлунда Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө башталган. Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 2023-жылдын 2-октябрында Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө бүтөт"

Анан коомчулукта президент Жапаров кезинде өзү: "Алтын жумуртка тууп, бюджетке жылына 5 миллиард сом салык төгүп, киреше киргизип жаткан ишкананы саттырбай сактап калалы", - деп жүрүп, анан өзү келгенде өз наркынан кыйла арзан соодалап жатканы эмнеси деп нааразы болгон ачуу сындар айтылган. "Мега" Кыргызстандагы эң ири мобилдик байланыш оператору болуп саналат. Бюджетке киреше киргизип жаткан алдыңкы 10 компаниянын катарына кирет. Анан ушундай кирешелүү, президент Садыр Жапаров убагында айтып жүргөндөй алтын жумуртка тууп жаткан ишкананы сатуу максатка ылайык келеби?

Деги бул менчиктештирүүнүн артында белгилүү инсан турган жокпу? Дегенибиз, 2010-жылы 7-апрелден кийин Максимден мамлекетке өткөн. Эми кайра "Мега" ишканасынын наркын Жапаров айтып жүргөн 500 миллион доллардан өтө төмөн түшүрүп, кыйла арзан өзүнө алып жатабы деген шектенүү коомчулукта айтылып жатат. Демек, коомчулуктагы шектенүүгө негиз бар. 

Анткени, президент Садыр Жапаров бийликке келе электе, "наркы 500 миллион турган, жылына 5 миллиард сом бюджетке киреше киргизип, күн сайын алтын жумуртка тууп жаткан "Мегакомду" саткандар камалат", - деп чырылдап жүргөн. Ал түгүл "саттырбай мен алып калгам" деп мамлекеттин эки тизгин, бир чылбырына ээ болгондо дагы айтып мактанган жайы бар эле. Анан эле, өзү айтып жүргөн баадан өтө төмөн баада, арзыбаган 12 миллиард сомго сатабыз деп жатышканы кайсы акылга сыйсын.

Президенттин сөзү менен иши айкашпай калгандан уламбы, кырдаалдан чыгуу үчүн:  "Мегакомду" Улуттук банк же Мамлекеттик өнүктүрүү банкы сатып алып кожоюндук кылышы мүмкүн. Ошондо мамлекеттин өзүндө калат, банктын карамагында болсо укмуш өнүгөт", - деген жомокту токуй коюшту. Башкача айтканда президенттин пресс катчысы Эрбол Султанбаев: "Менчиктештириле турган объектилердин тизмесине киргизилгенден кийин башкаруучу өзгөрүп, же Улуттук банк же Мамлекеттик өнүктүрүү банкы кожоюн болуп калат деп болжолдонууда. Тийиштүү чечим Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат. Башкача айтканда компания өлкөнүн бюджетин толтурууга салым кошууну улантуу менен мамлекеттин карамагында калат жана банктын көзөмөлү астында тез өнүгөт. 

Демек, компания эч кандай жол менен жеке колго же чет өлкөлүк компанияларга өтүп кетпейт. Анын үстүнө башкаруучунун  алмашуусу калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатынын жакшырышына, MEGA мамлекеттик компаниясын андан ары активдүү өнүктүрүүгө тез алып келет деп күтүлүүдө", - деп жымсалдаган. 

Улуттук банк же дагы башка мамлекеттик банк сатып алабы, же албайбы азырынча белгисиз. Анткени, бул жерде элдин көзүнө топурак чачкан махинация бардай туюлат. Себеп дегенде," Мегакомду" өнүктүрүү үчүн сөзсүз мамлекеттик банкка сатыш керекпи? Сатпай эле өнүктүрсө болбойбу? Дегенибиз, "Мегакомду" мамлекеттик банк сатып алды кылып, 12 миллиард сомду, мамлекеттин бир чөнтөгүнөн алып, кайра бир чөнтөгүнө салабыз деген логикага сыйбай турат. 

Андай болсо элдин башын айлантпастан, ишкананы кирешесин мындан дагы көбөйтүп өнүктүр деп жөн гана Улуттук банктын балансына атайын милдеттеме, талап шарт менен өткөрүп койсо болбойт беле? Албетте, болмок. Анан эмнеге сатты кылып мышык-чычкан кылып, көз таңмай ойноп жатышат? Элибиз қыңыр иш кырк жылда билинет дешкен. Азыр кырк күндө эле ачыкка чыгат. Эмнеси болсо да мамлекеттин карамагында калса болгону. Көз будамайлап, кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты кылабыз дегендер жаңылышат?

"Мегакомду" сатабыз деп Текебаев Маевскийден 1 миллион доллар пара алганы чын, аны Феликс Кулов, Өмүрбек Субаналиев далилдеп беришет", - деп айтып аны камагандын ордуна Германияга элчи кылып жөнөтүп жибергени күмөндүү ойлорду жаратты эле. Көрсө, иттин өлүгү бул жакта тура. Кийин "Мегакомду" сатуу бул чоң ката, чыккынчылык болгону боюнча маселе жаралып, кылмыш ишин ачууга түрткү болот.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости