www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Роза Отунбаева президент кезинде өкмөттүн же Атамбаевдин аппарат жетекчиси болгон, Атамбаев президент кезинде «замминистр» болуп жүрүп, иштей албай ишинен куулган Байсалов деген бар. Сооронбай Жээнбеков президент болгону кошомат айтып жүрүп Улуу Британияга элчи болуп кетет. Азыркы учурда тилинен уу чачып жүргөн МинКабдын төрагасы Акылбек Жапаровдун орун басары Эдил Байсалов деген мансапкор бар. Соцблокту көзөмөлдө десе, соцтармакты көзөмөлдө деп түшүнүп алган Байсаловдун: «Алардын акылсыз популизми жана жоопкерчиликсиз позициясы жок дегенде алардын компетентсиздигин айтып турат. Бирок, кыязы, бул жерде жашыруун себептер бар» деп «Кемпир-Абадчылардын» аркасын жышып, бийликке жаман көрсөтүп турат. «Кемпир-Абад» дегенде тикесинен-тик тура калчу Байсаловду өчүрүп, «Кемпир-Абадды» колдогон Атамбаев ага «мат» койду. Экс-президент Алмазбек Атамбаев камактан чыккандан кийинки алгачкы маегинде «Кемпир-Абад» иши боюнча берилген суроого жооп берип өттү.
«Мен бийликтин кошуна Өзбекстан менен чек ара маселесин чечүүгө болгон аракетин түшүнүп турам. Бул Тажикстан менен болгон мамилени эске алганда, аябагандай маанилүү жана чечүүчү кадам болуп саналат. Чынында кубандыра турган иш. Бирок, эч кимди камакка албай, башка ишеничтүү ыкма менен чечсе да болот эле. Себеби, кимдир бирөөнү ушундай мотив менен камаганда, элдер «буларга эч нерсе таппай, ушул ишти шылтоолоп камады», - деп ойлоп калат. Чек араны бекемдөө, тактоо чечими - бул тарыхый чечим. Азыркы учурда өзбек туугандардын президенти Каримов эмес, Мирзиеев болгону да эки элдин досчулук мамилеси үчүн жакшы. Мен билем, Шавкат Миромонович кыргыз элин сыйлайт», - деп билдирди мурдагы өлкө башчы.
Буга чейин Бишкек менен Ташкент чек ара маселесине чекит коюшкан. Кыргыз мамлекети талаш жерлердин баарын алса, Өзбекстан - «Кемпир-Абад» суу сактагычын. Ошону менен бирге, массалык камакка алуулар жүрүп, отузга жакын саясатчы, активист, журналисттер «Бийликти басып алууга даярдык көрүү» боюнча айыпталып камалышкан.
Эдичка атка конгон Байсалов аялдардын ордун талашып жүрөт. Буга дейре бул орунду аялдар ээлеп келишкен. Садыр Жапаровдун бийликке келиши менен Эдил Байсаловго буюрду. Жараткандын буйругубу, же Жапаров деле Байсаловго кандай кызмат керектигин билип, айымдардан эмнеси кем дедиби, айтор соцблокту жетектетип койду. Бүгүнкү күнгө чейин эмне иш кылганы билинбейт. Кылаарга иши жокпу, же соцблокту көзөмөлдө десе, соцтармакты көзөмөлдө деп түшүнүп алганбы, качан болсо социалдык түйүндөрдө ар ким менен айтышып, пост, комментарий жазып отурган болот. Ушул Байсаловду Атамбаевдин абактан чыгышы "ичин өткөрүп" жиберди көрүнөт. Же кыйшайбайт деген кылы кыйшая түшкөнбү, адатынча кашынып пост жазып чыкты.
Ич күптүүсү ашынып кеткендиктенби, болбосо колтугундагы котур ташы ойгондубу: "Анын эң башкы кылмышы мамлекетке жана мыйзамга баш ийбөөсү болду. Атамбаев тергөөгө келиши керек болчу. Бирок ал өзүн элден, мамлекеттен жана мыйзамдан жогору койду", - деп акылынын жетишинче боктогонго аракет кылды. Бирок анысы суу кечкен жок. Сыягы, жаман оюнда коомчулук ынанып, колдоп, кубаттайт десе керек. Айткандай, Байсаловду үрпөйтүп, кылын кыйшайткан жагдай Атамбаевге июнь окуясына байланыштуу берилген суроого карата, анын Кадыржан Батыровго ошол кезде ким жардам берди эле деген маселени козгогону жарасына туз сепкендей болгон көрүнөт. Дароо, айкырык салып чыкканына караганда. Июнь окуясы боюнча чоң резонанс чыгып келатып жалпайып өчүп калды.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg