www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жоон-Арыктын өрдөшүндө Бейшенбектин бабасы Дыйкан болуш аттан түштү. Жигиттери Карагер атын чидерлеп отко койду. Жайдын жаадыраган ушул күндөрү кандай сонун! Теребел ааламга тегиз нур чачат. Ал түндө айланага арка болгон тоолор керилет. Теребел гүл жыттанып, төбөдө жарыктык күн жайнайт, аска-зоокалар кылымдарга кырданат. Жашыл кырдагы бой керген арчалар кол булгалап кыйкыргансыйт. Тоо дайрасы Жоон-Арык толгонуп агат. Ак булуттар каалгышат.

Минип жүргөн аты тыныгып, тоюнгучакты жигиттери алдына салып берген жайылган көрпөчөгө отуруп көктү тиктеп, Найманбай ырчыны эске алып отурду. Кочкордун бир болуштугун чүкөдөй калчап, ыргыткан ташы өйдө көздөй кулап, Дыйкан болуштун чамгарактап турган убагы. Ал ошондой ырыс –кешикке карк күндөрдүн биринде аталаш агасынын арбагын ыраазы кылыш үчүн, “Ала-тоодой эт тартылган, Ысык -Көлдөй чык сунулган” аш өткөрмөй болуп, күпүлдөп калат. Аштын башында ыр кезегин алган чоңчарык Найманбай азыктын манабы Дыйкан болушка арнап ыр жамгырын себелей баштайт:

-Ээй, билбегендер бар беле,

Эмесе билинтип айтып берейин.

Алдыңарга баяндап,

Өзүмдөн кабар төгөйүн.

Мен Балыктын уулу Найманбай,

Айта берем ар кандай.

Сөздөрүмдү байкасаң,

Сөөмөй менен сайгандай.

Кээ бир сөзүм байкасаң,

Керүүдөн сызган тайгандай.

Кычкыл сөзүм кубантат,

Кымызга суусун кангандай.

Айрым-айрым сөздөрүм,

Оттоп кеткен айбандай.

 

Саяктарга кеп айтам,

Салмактуу сөздү эми айтам.

Жайы –кышы жатышкан,

Жамбашка мээлеп атышкан.

Баштагыдан саягым,

Баатыр болуп калыпсың.

Каны –жиниң бузулуп,

Капыр болуп калыпсың.

 

Азык Дыйкан кеп айтат,

Аздыр-көптүр бек  айтат.

Алардын сөзүн баяндап,

Акын Накең дагы айтат.

Дыйкан эмес, чолпонум,

Ай тамгалуу азыкка,

Айланта салган коргонум.

Алты уруу элди башкарып,

Акылын таап соргонум.

Асылдын айткан сөзүнүн,

Айтайынчы болжолун.

Акмактык кылып саяктар,

Абайлабай койбогун!

Эзелтеден саяктар,

Ээн баш тентек эл болот.

Ээликме тийген журт ушу,

Эс-акылы кем болот.

Абалтадан саяктар,

Алабарман эл болот.

Ажына тийген журт ушу,

Акылы тайкы, кем болот.

Көпчүлүгү көтөрмө,

Көйрөң чалыш эл болот.

Күүлөнө берип саяктар,

Көрүнгөнгө жем болот.

 

Жашы менен карыңар,

Жабыла кулак салыңар.

Баатырсынчу болгондун,

Башына камчы чабылар.

 Дыйкан болуш кеп айтат.

Саяктарды козголбой,

Жөн отурсун – деп айтат.

Оозун ачып оштонбой,

Тек отурсун – деп айтат.

Күбүрөшүп, күлүшпөй,

Тынч отурсун – деп айтат.

Бака–шака болбостон,

Кыңк отурсун – деп айтат.

Аржалаңдап күлсөңөр,

Камап койот Дыйкан болуш.

Ачуусуна тийсеңер,

Сабап койот Дыйкан болуш.

 

Саяктар айткан тилди албаса,

Баатырдын жини кармаса.

Мойнуңардан байлатаар,

Жетелетип тепкилеп,

Жетимдей шоруң кайнатаар.

Камап салып кара үйгө,

Кара көзүң жайнатаар.

Өпкөсү чоң саяктар,

Өкүмдүктү койгула.

Жарчынын сөзү ушундай,

Жайланып тыптынч болгула!

 

“Бейшенбек бейне” китебинен

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg   

Последние новости