www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тележурналист, филолог , Нуркыз Кадырбек кызы Элдик курултайда энергетика таңсыктыгын жоюунун жолу катары ар бир мамлекеттик мекеме күндөн энергия алчу панелдерди орнотууну сунуштады. Бул демилгени Ош шаарынын мисалында жайылтуунун механизмин айтты. Ар бир мамлекеттик мекемеде күндөн энергия алуучу панелдерди коюу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу жана үзгүлтүккө учуратпай ишке ашырууга боло тургандыгын белгиледи. Президенттен энергетика министрлиги тарабынан ОшТУга лицензия берип, жолго коюу сунушун койду. 

“Чынында эле калкты тейлөө борбору, электрондук кызмат көрсөтүү билим берүү ж.б. энергия үзгүлтүгүнөн улам узун кезек болуп, жол чырактар жанбай жол коопсуздугу бузулууда. Ош шаары күнөстүү аймак болгондуктан бул көйгөйдүү чечүү мүмкүнчүлүгү реалдуу “ -, деп белгиленет кайрылууда. 

Эскерте кетсек, Ош технологиялык университети 2023- жылы өз күчү жана каражаты менен окуу жайлардын ичинен 1-болуп кичи ГЭС жана күн панелдерин орноткон.

Маалымат катары :Ош шаарынын айында дарыялардын агымы жана жайгашышы ГЭС курууга ыңгайсыз деп эсептелинет .

Последние новости