www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Жанар Кубанычович, депутаттардын бир тобунун үстүнөн учурунда кылмыш иши козголгон экен. Андыктан, “бүгүн аларга кысым болбой эле мыйзам чыгаруу бийлигинде тазалануу жүрүп жатат” десек болобу?

- Эмил Жамгырчиевге 2018-жылы чын эле иш козголгон. Бирок, райондук, шаардык, Жогорку соттон дагы акталган. Эми “жаңы ачылган жагдайлар” деп кайра козголуп атканынан улам, менде “саясый бир мандеми барбы?” деген шек саноо пайда болууда. Эгер кылмыш иши далилденип, мамлекетке зыян келтирген болсо, биз ага ынансак, анда соттун чечимин таанууга милдеттүүбүз.

- “Бийлик Жогорку Кеңеш менен анчалык эсептешпей калды” деген пикирге кошуласызбы?

- Жаңы Баш мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин укуктары бир топ азайган. Мисалы, өкмөттүн отчетун, бюджетти кабыл албай койсок, өкмөт отставкага кетпейт. Кайсы бир министрге ишенбөөчүлүк көрсөтсөк деле аны премьер-министр кабыл албай коюшу мүмкүн. Өкмөттүн анча-мынча демилгелерине каршы чыгып, “бул туура эмес” деп айткан жыйырмага жакын депутат калды. Бийликке алардын пикиринин кереги жок. Алар алтымыш депутат менен баардык мыйзамдарын, токтомдорун өткөрө беришет. Андыктан, Жогорку Кеңеш менен көп эсептешпей калганы чын.

- Бүгүн бир кесиптешиңиз “депутаттар бийликчил, анан оппозициячыл деп экиге бөлүнөт” деди. Сиз өзүңүздү кайсы топтомун деп эсептейсиз?

- Мен келгенден бири бийликти бир да жолу мактаганым жок. Тескерисинче, сындап келатам. Мен өзүмдү бийликтин кемчиликтерин дайыма айтып турууга милдеттүүмүн деп эсептейм. Бирок, ошол эле учурда өлкөдө туруктуулук болушун каалайм. Бийликти көчө тополоңдору менен коркутуп, элди башаламандыкка үндөгөндөн такыр алысмын. Бирок, кетирип жаткан кемчиликтерин көзгө сайып көрсөтүп туруу биздин милдетибиз катары ойлойм.

Булак: Азия News гезити

Последние новости