www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: NazarNews кимдер менен кызматташат?

Бир кезде Кытайга АША кол сунган,бирок карыз болгондон башка пайда деле алып келген жок. Сайдулло Нышанов, Шыкмаматов сыяктуу «күркүлдөрдү» ортого салган  Текебаевдин аракеттери да текке кетти. Кытай менен алака тээ байыркы учурда башталган. Кытайда CCTV  деген дүйнөлүк абдан чоң маалымат империясы бар. Бул империя жөн кишилер менен кызматташтык кылбасы белгилүү. Ушул маалымат империясынын көзү Кыргызстанда NazarNews  маалымат агенттигинине  түшүп калыптыр. Ойлонуп көрсөк NazarNews маалымат агенттигине бул эң жогорку баа. Анткени Батыштын сөзүн сүйлөгөн, алардын айтканын жадыбалдай кайталаган «Азаттык» сыяктуу маалымат агенттиги толтура. Аларга салыштырмалуу Кытай азырынча Орусия менен Украина салгылашуусунда бейтарап мамлекет. Бир аз жакында болгон сүйлөшүүлөрдөн соң Орусия тарапка ооп турганы менен, биротоло ооп кете элек. Дүйнөгө өзүм ээ болом деп турган АКШ канчалаган маалымат агентчилигин каржылап турганы менен шайы оой баштады. Алардын «Азаттык» сыяктуу үн алгысы Кыргызстандын соту тарабынан кодуланып турат.

   CCTV NazarNews маалымат агенттигинин жетекчилиги менен кытайлык CCTV жана CCTV+ медиа корпорацияларынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигинин башкы редактору Гүлжан Шерипбаева билдирди. Кол коюлган документке ылайык, тараптар маалымат жана видеоконтент алмашуу боюнча кызматташат. Мындан тышкары Кыргызстандын аймагындагы окуяларды биргелешип видео көрсөтүүнү жүргүзүү пландалууда. Ошондой эле NazarNews кызматкерлери үчүн да, кытайлык CCTV жана CCTV+ медиа корпорациясынын кызматкерлери үчүн да тажрыйба алмашуу жана стажировкаларды уюштуруу мүмкүнчүлүгү талкууланууда. Белгилей кетсек, NazarNews маалымат агенттиги Кытайдын CCTV-plus медиа корпорациясы менен кызматташууну 2021-жылдын июль айында баштаган.

VIII кылымдын ортосундагы Орто Азиядагы жана Жети-Суудагы эл аралык кырдаал, Төргөш кагандыгынын алсырап, карлук уруу бирикмеси менен атаандашып жатышы Тан империясынын алдына Түркстандын башка аймактарын ээлеп алуу үчүн дагы бир жолу жортуул уюштурууга эң оңтойлуу кырдаал түзүп берген. Анын үстүнө Орто Азиянын батышынын басымдуу бөлүгүн ээлеген арабдар бул мезгилде Жети-Суунун чегине келип калган болучу. Бул кырдаалда Тан империясы, анын биринчи министри Ли Линьфу корей элинин тукумунан чыккан Тань империясынын таланттуу генералы, Батыш аймактын башчысы (наместниги) Гао Сяньчжи баштаган чоң аскерди Жети-Сууга карай жортуулга аттандырган. Кытай армиясы көп тоскоолдуктарга учурабай 748-жылы Суябды талкалап, кийинки жылы Чачты (Ташкентти) ээлеп, анын башкаруучусу Мохэдуну туткундап, өлтүрүп салышкан. Ал эми 751-жылы болсо Тан армиясынын айрым аскерлери Талас өрөөнүнө чейин басып кирген.

Ал мезгилде арабдар Мавереннахрдагы (Сыр жана Амунун Эки дарыя аралыгындагы) көтөрүлүштөрдү негизинен талкалап бүткөн эле. Ошондуктан, Араб халифатынын баскынчылары чыгыштан каптап келе жаткан Тан империясынын экспансиясына каршы турууну чечкен. Хорасандын акими Абу Муслим өзүнүн кол алдындагы йемен арабдарынан чыккан таланттуу аскер башчылардын бири, Зияд ибн-Салихтин башчылыгында ири кошуунду Таласка жиберген.

Арабдардын армиясынын курамында ислам динине кирген Мавераннахрда, Чачта, айрыкча Ферганада турган түрктөрдүн башында Үтөмбек, Туранташ сыяктуу аскер башчылары бар чакан кошуун да кошо келген. Гао Сяньчжинин 100 миң жоокерден турган армиясында Тан империясына вассал болуп эсептелген түрк кошуундары, кучалык, кашкарлык жана азыраак ферганалыктар да болгон. Алардын саны 30 миңдей болгон деп айтылат, булактарда.

751-жылдын июль айында Талас суусунун боюндагы Атлах шаарынын жанындагы эки зор армиянын геосаясий тарыхый салгылашуусу - эки цивилизациянын кызыкчылыгын көздөгөн эки империянын кагылышы болчу.Салгылашуунун тагдырын бешинчи күнү кытайлардын арт жагынан (тылынан) капыстан сокку урган карлуктар чечкен. Карлуктар кытайлардын тылында Талас салгылашуусунун башталышына чейин эле жашыруун чоң кошуун топтоп коюшкан болучу. Капыстан урулган соккудан кытай армиясы солк этип, бирок кытай кол башчылары баш командачы генерал Гао Сяньчжи, экинчи генерал Чжан Лао башаламан түшүп кача баштаган жоокерлерди карлуктарга каршы кайрадан катарга тургуза алган.

Ошол мезгилде кырдаалды байкап турган араб аскерлери Талас суусунан өтө баштап, кытайлардын батыш маңдай жагынан чабуулга кирген. Гао Сяньчжи өзү да кармашка аралашууга мажбур болгон. Ханзулар арабдардын ири аскер башчыларынын бири ибн Саббахты, арабдар тарабында согушкан Туранташты өлтүрүүгө жетишкени менен кытай аскерлеринин тагдыры чечилип калган эле.

Натыйжада Тан империясынын армиясынын таш-талканы чыгып, алардан 50 миң жоокер каза таап, 20 миңи колго түшкөн. Гао Сяньчжи бир аз гана кошууну менен качып кетүүгө үлгүргөн. Кытай армиясынын ири генералдарынын бири Чжан Лао туткунга түшүп, төргөштөрдүн баатыры Байташ Тегин курман болгон. Тарыхый маалыматтарга караганда чачыла качкан кытай жоокерлеринин азыраак гана бөлүгү Ысык-Көл ойдуңунан ары өтүп, Куча (Аньси) шаарына жете алган, көбү Теңир-Тоодо тоо-таштын арасында өлгөн дешет. Ошентип, 751-жылы болгон Талас салгылашуусунун тарыхый мааниси зор. Анткени, анын натыйжалары Борбордук Азияда жашаган түрк элдеринин кийинки кылымдардагы тагдырындагы этномаданий өнүгүшүнүн багытын биротоло аныктап, ислам цивилизациясынын нугуна бура алган.

Биринчиден, салгылашуунун жыйынтыгы Тан (Кытай) империясынын Кыргызстандын аймактарына болгон саясий экспансия далалаттарын жана «Күн чыгыш» өлкөсүнүн Борбор Азиянын ички иштерине кийлигишүүсүн миң жылга чейин токтото алган. Экинчиден, Араб халифатынын да чыгышка карай аскерий жортуулдары токтоп, ушул окуядан кийинки жылдары түрк элдерин ислам динине киргизүү жүрүмү негизинен тынчтык жолуна - акырындап ынандыруу нугуна багыт алган. Үчүнчүдөн, бул окуя бүтүндөй Орто Азия элдеринин кийинки тагдырында чоң өзгөрүү жараткан көп этностуу ислам цивилизациясынын андан ары өнүгүшүнө жагымдуу шарт түзүп берген.

Кыргыз тарыхын андан ары карасак, 940-жылы негизделген Карахандар каганатынын мезгили Кыргызстандын аймактарынын экономикалык, саясий, социалдык жана руханий жактын гүлдөө мезгили болуп эсептелет. Карахандар доорундагы X–XII кылымдарда Кыргызстандын аймактары Кытай империясынын таасирин алмак турсун, аны сезген да эмес. Кытай жана Борбордук Азия өз алдынча аймактар катары бири-бирине көз карандылыксыз жашаган.

Биздин замандын XIII–XVI кылымдары болсо Ички Азияда кидандардын (кара кытай), наймандардын жана Чыңгыз хандын, манчжурлардын чабуулдарынын доорлору болуп, Ыраакы чыгыштагы Кытай империясы коңшу көчмөндөрдүн кысымынан өз айласын таппай тургандыгы белгилүү. Ал эми Кытайдын Юань (1271–1368) доору Чыңгыз хандын небереси Хубилай хандын таман алдындагы мамлекеттүүлүк болгондугу маалым. Ал эми манчжур тектүү Нуркацинин даңазалуу жеңиштеринин натыйжасы болгон Цин же Манчжур династиясы (1644–1912) жаңы доордогу жаңы дүйнөлүк геосаясий атаандашуунун алкагында өнүккөн. Натыйжада, орто кылымдардын бул ири бөлүгүндө Кытай Орто Азияга, анын ичинде Кыргызстанга эч караандабастан, Чыгыштагы өзүнүн ички маселелери менен гана алпурушуп калган.

Кытай-кыргыз алакалары боюнча тарыхый серептин уландысы катары Кытайдын CCTV сайтында эскерилген легендарлуу инсандар: кол башчы Ли Лин жана акын Ли Бо (Ли Бай) тууралуу баянды камтыйт. Акыркы мезгилде Ли Линдин түпкү теги ханзу эмес, хунну элинен болуп, кытай Цзинь империясынын кол башчыларынын бири катары кызмат өтөгөндүгү жөнүндө далилсиз маалыматтар пайда болду. Ал - атактуу ханзу кол башчысы, хуннуларга каршы согуштарда далай жолу командалык кылган Ли Гуандын (б.з.ч. 119-жылы өлгөн) небереси эле. Б.з.ч. 99-жылы хуннуларды Цзюй Ди-хэу теңиркут бийлеп турган кезде аларга жаш генерал Ли Лин колбашчылык кылган 5 миң кытай аскери 30 миңдик хунну жоокерлерине тайманбай кол салган. Ли Линдин айлакердик менен кармашты башкарган билгичтигине байланыштуу хуннулардын 10 миң жоокери кырылган.

Бирок хуннулардын 30 миң атчан аскери курчаганда Ли Лин багынууга аргасыз болот да, хунну теңиркуту Ли Линдин каармандыгын жогору баалап, ардак менен өз аскерине кошуп алган. Ли Лин туткунга түшкөндөн кийин Кытайга кайта алган эмес, император аны чыккынчы катары баалап, бүт үй-бүлөсүн жана көптөгөн туугандарын түрдүү шылтоолор менен өлтүртүп салган. Ли Лин менен атактуу тарыхчы, «кытайдын Геродоту», Сыма Цзянь жакшы мамиледе болгондугу маалым. Императордун Ли Линге каршы чечимине каршы болгон Сыма Цзянь түрмөгө да жатып, бычылып аман калган экен.

Хунну теңиркуту Цзюй Ди-хэу Ли Линди өзүнүн кыздарынын бирине үйлөнтүп, Чыгыш Түркстандын түндүк тарабындагы Боро-Хоро кырка тоосунун аймактарында жайгашкан алгачкы кыргыз ээлигинин (мамлекетинин) башкаруучусу кылып дайындаган («Тан доорундагы маалыматтар). Кыргыз ээлигинде башчы болуп турган Ли Лин кыргыз аялга үйлөнүп, анын урпактары кийин кыргызга сиңип кеткен. Ли Лин, ошентип, кыргыздардын жаңы төбөлдүк династиясынын негиздөөчүсү болуп калган. Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн алдында жана андан кийин деле кыргыздар өздөрүн Ли-Линдин урпактары катары санап келгендиги жөнүндө үзүл-кесил маалыматтар Тан династиясы маалындагы кытайлык булактарда кезигет.

Ли Линди Манас эпосундагы Алмамбеттин образына айкалыштырып жүргөн божомолдун жөнү бар. Айтылган тарыхый окуя менен эпостун сюжети бекеринен айкалышып жаткан жок. Бул маселе келечекте атайын изилдөөгө муктаж. Кытай тарыхый булактарында көрсөтүлгөндөй, 648-жылы Түрк каганатынын курамындагы кыргыз аймагынын башкаруучусу Элтебер Шибоцюй Ачжандын «Тан» императору Ли Шиминдин кабылдоосунда болушу, андан кийинки Барс бектин мезгилиндеги Тибетке, Кытайга барган Эрен Улук, Эзген, Чочук Бөрү Сангун, Тархан Сангун (Эл-Чур (Чор), 840–46-жылдардагы кыргыз-уйгур согушунун мезгилинде Кытай империясынын борборуна келип кетишкен кыргыздын элчилери Тапказ сангун (Чжу-у-Хэсу), Жоокусол сангун (Табу Хэцу), Ошкор сангун, Дадас Инанч Чорлор (Вэн-у Хэ) жана башкалар жөнүндөгү маалыматтарда, айрыкча Кытай императору Ву-Цзундун 843–45-жылдардагы Бээжинге барган кыргыз элчилери аркылуу берип жиберген кыргыз каганына жазган каттарында белгиленгендей, кыргыздар «кытайларга тууган, жээн» катары саналышкандыгы кызыктуу.

Ушул убакка чейин жеткен 11 каттын айрымдарында Ли Лин аталып, анын ысмына байланыштырып, «кыргыздар кытай эли менен туугандык жайы бар» деген пикир айтылып келет. Ал каттардан азыраак үзүндү келтирели. «Тан» императору Ву-Цзундун кыргыз каганына 843-жылы жазган биринчи катында: «Хакандын теги жөнүндө укканым бар. Түбүндө биз бир урукка барып такалат экенбиз. Хан сулаласынын түндүк жагын тынчытуучу. Ноюн иш билгилиги, намыстуулугу жагынан бул дүйнөдө теңи жок киши болгон экен...», деп Ли Лин жөнүндө жазып жатат.

Андан ары: «Хакан сиз да улуу кол башчынын (Ли лиңдын) тукумунан экенсиз, мына ошентип биздин түбүбүз бир уруктагы кишилерденбиз деп айтууга болот. Ушундан караганда ар кайсыбыздын оорактуу ордубуз өтө шаңдуу экен...» – делет.

844-жылы жазылган үчүнчү катта: «…Сиз чептин тышындагы чоң чөлдүктөгүлөрдүн бардыгын тынчыттыңыз. Уйгурлардын боз үй, чатырларын жалпайта чаап, кегиңизди алып, адилеттикке кол сундуңуз….Сиз дагы элчи жиберип, кат жазып, улутуңуздун кеменгер вазирин атайын түндүктүн чөлүн кездирип, абыгер чектирип, жиберип отурасыз; тартууга жөнөткөн аргымак, ылаачындарыңыз тээ алыстан кум кечип, жол кезип жетип отурат. Мына мындай иштер Сиз менен биздин теги-түбүбүз бир деген боорукерликти билдирсе, дагы бир жагынан көңүл тындырарлуу аракет болуп отурат…сиздин мамлекеттин ичи-сырты менен арабыз алыс турса, кадыресе, биздин сулаленин падышалары жарыялап койгон жосун боюнча башкарыла турган жерлер болбогон соң, ал жосун-каадаларды сиз жакка жүргүзүүгө болбойт. Ошондой экен, биздин акимчилик сизге кийлигишип алмак беле? Мен тек Хакан Сиз менен болгон тектештик биримдикти кадырлап, илгерки атак-даңкыбызды сактап жүрсөк деген жөнүнөн айтып турам...»

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости